Бишкек «Накталай эмес шаар» эл аралык сыйлыгына ээ болду
Бишкек шаарынын мэриясы Түштүк Африканын Кейптаун шаарында өткөн O-CITY Conference 2026: Next is ONE эл аралык конференциясында «Накталай эмес шаар» номинациясы боюнча сыйлыкка ээ болду.
Сыйлык борбор калаанын коомдук транспортунда төлөмдөрдү санариптештирүү жана жол кирени накталай эмес төлөө системасын өнүктүрүү багытындагы иштери үчүн ыйгарылды.
2026-жылдын 19–21-октябрында өткөн конференцияга дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн муниципалитеттердин, транспорт операторлорунун, технологиялык компаниялардын өкүлдөрү жана шаардык мобилдүүлүк боюнча эксперттер катышты.
Иш-чарада Бишкек шаарын мэрдин орун басары Рамиз Алиев жана «Тулпар» долбоорунун өкүлдөрү Бекжан Акматбеков менен Каныбек Таалайбек уулу өкүлчүлүк кылышты.
Бишкекте ишке киргизилген «Тулпар» системасы жүргүнчүлөргө жол кирени транспорттук жана банктык карталар, QR-коддор жана контактсыз төлөм технологиялары аркылуу төлөөгө мүмкүнчүлүк берет.
Накталай эмес төлөм системасы төлөмдөрдүн ачык-айкындуулугун жогорулатууга, жүргүнчүлөрдүн агымы боюнча маалыматтарды талдоого жана коомдук транспортту башкарууну жакшыртууга багытталган.
O-CITY — Швейцариянын BPC AG компаниясынын коомдук транспорттогу төлөмдөрдү санариптештирүүгө жана «Акылдуу шаар» концепциясынын алкагында технологиялык чечимдерди киргизүүгө багытталган глобалдык платформасы. Учурда ал дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүндө сунушталган.
Бул сыйлык Бишкекте коомдук транспорттогу санариптик төлөмдөрдү өнүктүрүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштердин эл аралык деңгээлде таанылышы болуп саналат.