Эльчибек Джантаев: Мамлекеттик кызматтын башкы көрсөткүчү – элге берилген кызматтын сапаты

27-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Маанилүү маек 279

Кадр тандоодогу ачыктык, кесипкөйлүк, санариптештирүү жана жеке жоопкерчилик – бул натыйжалуу мамлекеттик башкаруунун негизги шарттары. Кесипкөй кадрларды тандоо, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын жоопкерчилигин жогорулатуу, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү жана санариптик чечимдерди киргизүү бүгүнкү күндүн маанилүү милдеттери. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик бул багыттарда системалуу иштерди жүргүзүп келет. 2026-жылдын тогуз айынын жыйынтыктары, ишке ашырылып жаткан реформалар жана алдыдагы милдеттер тууралуу Эльчибек Джантаев менен маек курдук.

— Эльчибек мырза, мамлекеттик башкарууну бүгүнкү замандын талабына, шартына жараша өркүндөтүүдө жетекчинин жеке позициясы жана башкаруу өзгөчөлүгү канчалык маанилүү?
— Баарыбызга маалым болгондой, мамлекеттик башкаруу чоң жоопкерчиликти талап кылган тармак. Бул жерде ар бир чечим мыйзамга, так эсепке жана коомдун кызыкчылыгына негизделиши керек. Тереңирээк айтсам, жетекчинин милдети тапшырма берүү менен гана чектелбейт, муну ар бирибиз билишибиз зарыл. Жетекчи иштин багытын аныктап, аткарылышын көзөмөлдөп, келип чыккан маселелерди өз убагында чечүүгө шарт түзүшү зарыл. Мисалы, биздин ишмердүүлүктө системалуулукка, мыйзамдуулукка жана натыйжага басым жасалат. Ар бир багыт боюнча милдеттер так аныкталып, аткарылган иштердин жыйынтыгы терең талданып турушу керек. Ошондо гана пландалган иштер конкреттүү натыйжага айланат.

— Айтсаңыз, сиз жетектеген тармактын иши көпчүлүк учурда мыйзамдар, жоболор жана ички эрежелер менен байланыштуу. Мунун коом үчүн мааниси кандай?
— Коом үчүн мааниси чоң. Мисалы, мамлекеттик кызматтын сапаты көп жагынан анын укуктук негизине жана кадрларды тандоо системасына байланыштуу. Кызматка кабыл алуу, кызматтык өсүү, кадрлар резервин түзүү жана кызматчылардын ишин баалоо ачык, түшүнүктүү жана мыйзамдуу жол-жоболорго таянышы керек. Атап айтсам, 2026-жылдын тогуз айында агенттик тарабынан 20 ченемдик-укуктук актынын долбоору боюнча иштер жүргүзүлдү. Алардын 15и кабыл алынып, кол коюлду. Бул документтер мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирүү, кызмат өтөө, кадрлар резервин түзүү, эмгек акы төлөө жана башка маанилүү маселелерди укуктук жөнгө салууга багытталган. Мындай иштер сыртынан караганда техникалык негизде гана көрүнүшү мүмкүн. Бирок, алардын артында мамлекеттик кызматка кирүүнүн эрежелери, кызматкерлердин укуктары жана мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугу турат.

— Баарыбыз билгендей, мамлекеттик кызматка татыктуу кадрларды тандоо коомчулукту өзгөчө кызыктырган маселе. Ушул багытта кандай өзгөрүүлөр бар?
— Так айтып койсок болот, кадр тандоо системасы талапкерлер үчүн түшүнүктүү жана мүмкүн болушунча ачык болушу зарыл. Ошондуктан, азыркы учурда конкурстук тандоону өркүндөтүүгө, тестирлөөнүн сапатын жогорулатууга жана кадрлар резервинин ишин жакшыртууга көңүл бурулууда. Быйылкы жылдын тогуз айында компьютердик тестирлөөгө 13 055 талапкер катталып, алардын 7 700ү катышты. Тестирлөөгө катышкандардын 5 414ү белгиленген босого баллдан ийгиликтүү өттү. Бул катышуучулардын 70%ын түзөт. Салыштыруу үчүн айтсак, былтыркы жылдын ушул эле мезгилинде, тестирлөөгө катышкандардын 51%ы босого баллдан өткөн. Демек, быйыл бул көрсөткүч 19%дык пунктка жогорулады. Мындан тышкары, кенже административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүүдө санариптик система колдонулууда. Жылдын тогуз айында бул резервден 267 адам мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга дайындалды.

Белгилей кетсем, биз үчүн маанилүүсү — кадр тандоонун жол-жоболорун өркүндөтүү менен катар талапкерлердин кесиптик даярдыгын баалоого жана системанын ишенимдүүлүгүн камсыз кылууга жетишүү.

— Бүгүнкү технология өнүккөн заманда дагы бир орчундуу суроо бар. Тестирлөөдө санариптик технологиялардын жана жасалма интеллекттин колдонулушу кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат?
— Санариптештирүү ишти тездетүү менен гана чектелбеши керек. Ал маалыматтардын тактыгын, процесстердин ачык-айкындуулугун жана көзөмөлдүн сапатын да жакшыртууга тийиш. Агенттик тестирлөөнүн “Сынак-Тестирлөө” модулун өркүндөтүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Анда отчётторду бирдиктүү форматка келтирүү, тестирлөөгө кеткен убакытты көрсөтүү, тартип бузуу учурларын каттоо жана маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча функциялар каралган. Ошондой эле тестирлөөнүн жүрүшүндө талапкерлердин аракеттерин жасалма интеллекттин жардамы менен көзөмөлдөө мүмкүнчүлүктөрү иштелип чыгууда. Бул багыттагы технологиялар мыйзамдуулукту жана тең шарттарды камсыз кылууга багытталышы керек.

— Бүгүнкү күндө кадрлардын кесипкөйлүгүн жогорулатуу жаатында кандай иштер жүргүзүлүүдө?
— Мамлекеттик кызматчынын билими жана жөндөмү убакыттын талабына жараша өнүгүп турушу зарыл. Мыйзамдарды билүү менен катар, башкаруучулук компетенциялар, санариптик көндүмдөр жана жаңы шарттарда чечим кабыл алуу жөндөмү да маанилүү. Ушул максатта мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды кайра даярдоо, квалификациясын жогорулатуу жана эл аралык тажрыйбаны өздөштүрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

2026-жылдын август айында Япониянын JDS стипендиялык программасынын алкагында 20 мамлекеттик жана муниципалдык кызматчы магистратура жана докторантура программалары боюнча билим алууга жөнөтүлдү. Корея жана Кытай менен кызматташтыктын алкагында да окутуу программалары ишке ашырылууда.
Мындай демилгелердин максаты – билим алган кызматкерлердин жаңы тажрыйбасын өлкөбүздүн мамлекеттик башкаруу системасын өнүктүрүүгө жумшоо.

— Мамлекеттик кызматтагы жоопкерчилик маселеси да өзгөчө маанилүү. Мыйзам талаптарынын аткарылышына көзөмөл кандай жүргүзүлүүдө?
— Жоопкерчилик иштин бардык баскычында болушу керек. Кызматчы өзүнүн милдетин жана мыйзам алдындагы жоопкерчилигин так түшүнүүгө тийиш. Ошол эле учурда, мамлекеттик органдагы жол-жоболордун туура аткарылышы да көзөмөлдөнүшү зарыл. Үстүбүздөгү жылдын тогуз айында агенттик жана анын аймактар аралык башкармалыктары тарабынан мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында 35 мониторинг жүргүзүлдү. Анын 17си пландуу, 18и пландан тышкаркы текшерүү болду. Мониторингдердин жыйынтыгы боюнча мыйзам талаптарын бузган жооптуу кызматкерлерге беш тартиптик жаза колдонулган. Бул – үч эскертүү, бир сөгүш жана кызмат ордунан бир жолу төмөндөтүү. Жарандардын 74 кайрылуусу да белгиленген мөөнөттөрдө каралды. Ар бир кайрылуу тиешелүү тартипте изилденип, зарыл учурларда чаралар көрүлдү.

Мындай иштердин максаты жазалоо менен эле чектелбейт. Негизги милдет – мыйзам бузуулардын алдын алуу, кызмат тартибин бекемдөө жана мамлекеттик органдардын ишине болгон ишенимди арттыруу.

— Агенттиктин ишмердүүлүгүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун орду кандай?
— Жергиликтүү өз алдынча башкаруу – жарандар менен бийликтин түздөн-түз байланышкан деңгээли. Ошондуктан, жергиликтүү органдардын уюштуруучулук, укуктук жана санариптик мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү маанилүү. Бул багытта “Санарип аймак” маалыматтык системасын өнүктүрүү уланууда. Учурда система 23 мамлекеттик орган жана 66 коммерциялык уюм менен маалымат алмашат. Жарандар “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу жашаган жери жана үй-бүлө курамы тууралуу маалыматтарды электрондук түрдө ала алышат. Мындай мүмкүнчүлүктөр маалымат алмашууну жеңилдетип, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө убакытты үнөмдөөгө шарт түзөт.

— Мамлекеттик жетекчинин күнүмдүк ишинде негизги көңүл эмнеге бурулушу керек деп эсептейсиз?
— Ар бир жетекчи мамлекеттик органда бардык багыт боюнча иштин жүрүшүн билүү, аткаруу мөөнөттөрүн көзөмөлдөө жана пайда болгон маселелерге өз убагында көңүл буруу зарыл. Муну бир жолку тапшырма менен чечүү мүмкүн эмес, туруктуу иш алып баруу керек. Ошол эле учурда жетекчи кызматкерлердин сунуштарын угуп, маселелерди талкуулоого жана чечимдерди негиздүү кабыл алууга шарт түзүшү керек. Жамааттын кесипкөйлүгү жана жоопкерчилиги жалпы натыйжага түздөн-түз таасир этет. Менимче, жетекчиликтин маанилүү милдеттеринин бири – ишти уюштуруу менен катар, ар бир кызматкердин өз милдетин так аткаруусуна шарт түзүү. Анткени, туруктуу натыйжа жеке аракеттен гана эмес, бүтүндөй команданын бир багытта иштөөсүнөн жаралат.

— Келечекте кайсы багыттарга өзгөчө көңүл буруу зарыл?
— Бир нерсени эсибизден чыгарбашыбыз керек. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өркүндөтүү – үзгүлтүксүз процесс. Кадрларды тандоонун сапатын жогорулатуу, кызматчылардын кесиптик потенциалын өнүктүрүү, санариптик чечимдерди киргизүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маанилүү бойдон калат. Ошондой эле мыйзамдардын аткарылышына көзөмөлдү күчөтүп, мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу зарыл. Ар бир иштин жыйынтыгы конкреттүү көрсөткүчтөр менен бааланып, анын коомго тийгизген пайдасы эске алынышы керек. Мамлекеттик кызматтын негизги максаты – элге сапаттуу кызмат көрсөтүү жана өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуу.

 

Маектешкен Күнболот Момоконов

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X