Курулуш талаптарын бузган компанияларга 1 млн сом айып пул салынды
Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы борбор калаадагы курулуш объектилерин текшерип, бир катар мыйзам бузууларды аныктады.
Кезектеги рейддин жүрүшүндө курулуш иштеринин белгиленген ченемдерге, коопсуздук талаптарына жана шаар куруу мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүшү текшерилди.
Анын алкагында «Мүрөк» спорттук медицина жана реабилитация борбору, Арча-Бешик конушундагы Шербет көчөсү, 11 дарегинде жайгашкан беш кабаттуу кеңсе имараты, Карасаев көчөсү, 128 дарегиндеги 12 кабаттуу турак үй, Көк-Жар айылындагы 16-тилкеде жайгашкан тогуз кабаттуу турак үй жана Панфилов көчөсү, 11 дарегиндеги эмерек салону каралды.
Текшерүүнүн жыйынтыгында айрым объектилерде курулуш иштерин уюштуруу жана жүргүзүүдө КЧ КР 12-02:2018 «Курулуш өндүрүшүн уюштуруу» ченемдери жана «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» мыйзамдын талаптары сакталбаганы аныкталды.
Мыйзам бузууларга жол берген подряддык уюмдарга Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 144-беренесине ылайык жалпы 1 млн сом айып пул салынды. Ошондой эле кемчиликтерди жоюу боюнча актылар түзүлүп, тиешелүү көрсөтмөлөр берилди.
Министрлик курулуш объектилериндеги коопсуздук жана мыйзам талаптарынын сакталышын көзөмөлдөө иштери мындан ары да улантыларын билдирди.