«Манас Ордо» комплексине оймо-чиймелер түшүрүлгөн шам чырактар коюлду

30-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 78

Кыргыз улуттук «Манас Ордо» комплексинин аймагына улуттук колоритте жасалгаланган жаңы шам чырактар орнотулду. Алар комплекстин архитектуралык көрүнүшүн толуктап, аймакта бирдиктүү стилди калыптандырууга багытталган.

Шам чырактардын дизайнын комплекстин кызматкерлери өздөрү иштеп чыгышкан. Жасалгасында кыргыз элинин байыркы тарыхын, руханий мурасын жана «Манас» эпосунун дүйнөсүн чагылдырган белгилер камтылган.

Атап айтканда, шам чырактарда Манас атанын хандык Ай Тамгасы жана байыркы түрк руникалык жазууларынын үлгүлөрү колдонулган. Алтын түстөгү жасалгалар бийиктикти, улуулукту жана руханий байлыкты туюндурат.

Комплекстин ар кайсы бөлүктөрүнө орнотулган шам чырактар күндүз архитектуралык көрк берип, кечинде аймакты жарыктандырат. Ал эми музейдин алдына коюлган өзгөчө үлгүлөр имараттын архитектурасына шайкеш жасалып, кире беришке салтанаттуу көрүнүш тартуулады.Возможно, это изображение ветряная мельница, дорога и текст

Жаңы шам чырактар комплекстин жаңыланган келбетин улуттук белгилер менен айкалыштырып, «Манас Ордо» руханий мурастарды сактоо менен катар аны заманбап архитектуралык чечимдер аркылуу даңазалаган жай экенин айгинелейт.

30-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 78
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X