Бакуда коррупцияга каршы беш резолюция кабыл алынды
Азербайжандын Баку шаарында Ислам кызматташтык уюмуна (ИКУ) мүчө мамлекеттердин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча укук коргоо органдарынын жетекчилеринин үчүнчү жолугушуусу өттү.
Иш-чарага Кыргызстандын Башкы прокурорунун биринчи орун басары Чыңгыз Ахматов баштаган делегация катышты.
Жолугушууда коррупциянын алдын алуу, эл аралык кызматташтыкты чыңдоо, маалымат алмашуу, кылмыштуу жол менен алынган активдерди кайтаруу жана Мекке конвенциясын ишке ашыруу маселелери каралды.
Жыйынтыгында беш резолюция кабыл алынып, алар коррупцияга каршы күрөштө мамлекеттер аралык маалымат алмашууну, активдерди кайтарууну жана ачык-айкындуулукту күчөтүүгө багытталды.