Бишкекте электробус өз алдынча жүрүп кетип, айдоочу каза болду

20-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 91
2026-жылдын 19-ноябрында Бишкек шаарында №2 каттамдагы электробустун катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу шаар мэриясы маалымдады.

Алдын ала маалыматка караганда, саат 16:05 чамасында Кен-Суу көчөсүндөгү «Фрунзе» заводунун жанындагы акыркы аялдамада турган Ankai үлгүсүндөгү электробус өз алдынча жүрүп кеткен.

Маалыматка ылайык, №8 автоколоннага караштуу электробустун айдоочусу унааны токтоткондон кийин кол тормозун тартпай койгон. Натыйжада электробус Интергельпо көчөсүн кесип өтүп, жол боюнда токтоп турган Toyota Prius жана Mazda үлгүсүндөгү унааларды сүзгөн.

Кырсык учурунда электробусту токтотууга аракет кылган айдоочу оор жаракат алган. Ал тез жардам кызматы тарабынан шаардык ооруканага жеткирилген. Дарыгерлердин аракетине карабастан, айдоочу ооруканада каза болгон.

Окуя болгон учурда электробустун ичинде жүргүнчүлөр болгон эмес.

Кырсыктын себептерин жана жагдайларын аныктоо үчүн «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасы тарабынан атайын комиссия түзүлөт. Иликтөөнүн жыйынтыгында айдоочунун үй-бүлөсүнө компенсация төлөө маселеси каралат.

Ал эми жабыркаган унаалардын ээлерине келтирилген материалдык чыгымдын ордун толтуруу маселеси камсыздандыруу төлөмдөрүнүн алкагында мыйзамга ылайык чечилет.

Учурда тиешелүү органдар тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүп, кырсыктын бардык жагдайлары такталууда.

 

20-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 91
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X