Willy William «Ала-Тоо Резорттун» ачылышында ырдайт

20-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 111

2026-жылдын 1-декабрында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң айылында «Ала-Тоо Резорт» тоо кластеринин биринчи этабынын салтанаттуу ачылышы өтөт.

Майрамдык иш-чаранын алкагында дүйнөгө белгилүү француз аткаруучусу Willy William сахнага чыгып, өзүнүн популярдуу чыгармаларын тартуулайт.

Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, иш-чара саат 13:00дө башталат.

Салтанатка бардык каалоочулар чакырылат. Кирүү акысыз.

20-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 111
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X