Гүлкан Молдобекова санариптик медицина боюнча сунуштарын айтты
18–20-ноябрь күндөрү Казакстандын борбору Астана шаарында ТүркПАга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин саламаттык сактоо боюнча комитет төрагаларынын III жолугушуусу өттү.
Ага Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин төрайымы Гүлкан Молдобекова жана комитет мүчөсү Мавлюда Калбердиева катышты.
Иш-чара «ТүркПАга мүчө мамлекеттердин парламенттеринде санариптик саламаттык сактоону өнүктүрүү жана саламаттык сактоо тармагында жасалма интеллектти колдонуу» темасына арналды.
Жолугушууда сөз сүйлөгөн Гүлкан Молдобекова медициналык кызматтардын сапатын жогорулатууда жана калк үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууда заманбап технологиялардын маанисине токтолду.
Анын айтымында, Кыргызстанда медициналык кызматтарды санариптештирүү багытында бир катар иштер жүргүзүлүүдө. Алардын бири — «Санарип клиника» маалыматтык системасы. Анын жардамы менен жарандар дарыгерге онлайн жазылып, лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын алып, эмдөөлөрдү каттоо жана электрондук рецепттерди колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууда.
Ошондой эле депутат телемедицинаны өнүктүрүү жана жасалма интеллектти медицина тармагына киргизүү пландары тууралуу маалымат берди. Анын ичинде «Salamat» санариптик жардамчыларын түзүү, медициналык сүрөттөрдү жасалма интеллект аркылуу талдоо жана электрондук медициналык маалыматтарды иштеп чыгуу системаларын өркүндөтүү каралган.
Мындан тышкары, Гүлкан Молдобекова жаңы технологияларды киргизүүдө жарандардын жеке маалыматтарынын коопсуздугун сактоо, медицина кызматкерлеринин жоопкерчилигин камсыз кылуу жана мыйзамдык негиздерди өркүндөтүү зарылдыгын белгиледи.
Жолугушуунун алкагында парламент өкүлдөрү Астана шаарындагы бир катар саламаттык сактоо мекемелеринин ишмердүүлүгү менен да таанышты.