Бишкекте 114 гектар жерге ат оюндарынын комплекси курулат

21-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 105

Бишкек шаарында Улуттук ат спорту комплексинин курулушу башталды. Долбоорго ылайык, 10 миң көрүүчүгө ылайыкталган ипподром жана көк бөрү боюнча мелдештерди өткөрүү үчүн 25 миң орундуу өзүнчө арена курулат.

21-ноябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев комплекстин курулушу пландалган аймакка барып, долбоордун жүрүшү менен таанышты.

Мэриянын маалыматына караганда, жалпы аянты 114 гектарды түзгөн комплекс Сокулук районундагы Белек айылына жакын жайгашат.

Долбоордо ат чабыш жана ат жарыштары үчүн аянтчалардан тышкары, машыгуу жайларын, көрүүчүлөр үчүн трибуналарды, жылкыларды багуу жана тейлөөчү жайларды, ветеринардык жана административдик имараттарды куруу каралган. Ошондой эле эс алуу, соода-сатык, туристтик жана унаа токтотуучу жайлар уюштурулат.

Кыдыруу учурунда Айбек Джунушалиев аймакты комплекстүү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи. Ал жердин үстүңкү бөлүгүн жашылдандыруу жана сейилдөөчү жайларды түзүү максатында жер алдындагы унаа токтотуучу жай куруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды.Нет описания фото.

Мындан тышкары, жанаша жайгашкан аймакта канализация жана жылытуу тутумдарын жакшыртуу, жарыктандыруу иштерин жүргүзүү, жашыл бак-дарактарды сактоо жана шаар тургундарынын эс алуусуна ыңгайлуу шарттарды түзүү зарылдыгын айтты.

Ошондой эле мэр ипподромдогу көрүүчүлөр үчүн орундардын санын көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды.

Жыйынтыгында подряддык уюмга курулушка тартылган техникалардын санын көбөйтүү, иштердин сапатына көзөмөлдү күчөтүү жана долбоорду ишке ашырууда мыйзам талаптарын так сактоо милдеттендирилди.

21-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 105
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X