Ысык-Көлдөгү селден дайынсыз болгон эки адамдын биринин сөөгү табылып, экинчисин издөө уланууда

6-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 202

5-июнь күнү саат 20:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, Ысык-Көл районундагы Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 92-чакырымында таш аралаш ылай эки унааны жана эки адамды басып калган.

Алдын ала маалымат боюнча, сел агымы «Мерседес Спринтер» жана «Форд Мондео» үлгүсүндөгү унааларды каптап кеткен.

Окуя болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев куткаруу иштерин жеке көзөмөлгө алууда.

Издөө-куткаруу иштерине жалпы 291 адам тартылган. Анын ичинен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 149 куткаруучу, анын ичинде Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адистери иш алып барууда. Ошондой эле Ысык-Көл райондук Жарандык коргонуу кызматтарынан 80 адам, Ички иштер министрлигинен 50 кызматкер жана Тез жардам кызматынан 12 кызматкер тартылган.Возможно, это изображение дорога

Мындан тышкары, сел жүргөн аймакка жалпысынан 20 инженердик техника жумшалган.

Издөө иштеринин жүрүшүндө 5-июнь күнү саат 23:35те У.Т. аттуу 2008-жылы туулган жарандын сөөгү табылган. Учурда экинчи адамды издөө иштери куткаруучулар тарабынан улантылууда.Возможно, это изображение стендовая стрельба и внедорожник

Белгилүү болгондой, селдин кесепетинен жабылган Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолу 6-июнга караган түнү саат 00:52де эки тараптуу кыймыл үчүн ачылган.

Азыркы тапта жолду жана аймакты сел калдыктарынан тазалоо иштери уланууда.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X