Дайырбек Орунбеков: Жапайы жаныбарларды коргоо күчөтүлдү, мыйзам бузгандар катуу жазаланат

6-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 484

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков өзүнүн Facebook баракчасына кайберендерге мыйзамсыз аңчылык кылган браконьерлерге каршы чаралар күчөтүлгөнүн билдирип, пост жазды.

«Кайберендерге аңчылык кылган браконьерлердин аракетине каршы чаралар күчөтүлдү. Мындан ары күтүүсүз текшерүүлөр, купуя келген маалыматтар аркылуу колго түшүрүү ыкмалары такай жүрүп турат.

Жакында эле Суусамырда окуя катталды. Мергенчи атып келген кийиктин этин бышырып жаткан учурда кармалып, ага 300 000 (үч жүз миң) сом айып салынды. Эгер салынган айып пулду төлөбөсө, анда кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Айтайын дегеним, ар бир айылдын эли мергенчилерди тыйып, кайберенге кол салганды токтотушу керек. Ким элди укпай, кийиктерге, жан-жаныбарларга кыргын сала берсе, жашыруун маалымат берип коюңуздар.

Кайберендер адам затына тамак-аш болуп берүү функциясын эбак эле аткарып бүткөн. Азыр тамак-аш кенен, короо малга толгон заман. Бир тоо эчкини атам деп 300 миң сом төлөп калуудан алыс болуңуздар.

Ал эми аркар-кулжанын айып пулу 1 500 000 сом, ак илбирсти атса 2 000 000 сом. Ар бир жаныбардын, канаттуунун убалы, ага жараша салынчу айып пулу каралган.

Мен жүктөгөн кийиктердин видеосу Ала-Арчада тартылган. Аралыгы 10-15 жана 20 метр. Адамга байыр алып, жакын барсаң качпайт. Себеби, Ала-Арча корукка алынгандыктан, жапайы жаныбарлар дагы коркпой калган. Ар бир айылда ушундай болушу керек», — деп жазды ал.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X