Бишкекте сейсмоизоляциялык компоненттерди чыгаруучу заводго мезгил кутусу салынды

15-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 142

Бишкек шаарында сейсмоизоляциялык компоненттерди өндүрүүчү алгачкы заводдун курулушуна мезгил кутусу салынды. Иш-чара бүгүн, 15-июнда өтүп, ага Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев катышты.

Салтанаттын алкагында Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлиги менен Nanjing Dade Technology Co. компаниясынын ортосунда инвестициялык макулдашууга кол коюлду.

Министр өз сөзүндө өлкөдө сейсмикалык коопсуздукту камсыздоо жана курулуш тармагына заманбап технологияларды киргизүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.Нет описания фото.

Жаңы өндүрүштүк объект Бишкек шаарынын Валиханов көчөсү, 2 дарегинде жайгашат. Долбоорго ылайык, жалпы аянты 6 222 чарчы метрди түзгөн завод курулуп, ал учурдагы институттун аймагында орун алат.

Завод пайдаланууга берилгенден кийин имараттардын жана инженердик курулмалардын жер титирөөгө туруктуулугун жогорулатууга багытталган заманбап сейсмоизоляциялык компоненттерди өндүрөт. Долбоор курулуш тармагына алдыңкы технологияларды киргизүүгө, импортко болгон көз карандылыкты азайтууга жана объекттердин сейсмикалык коопсуздугун күчөтүүгө өбөлгө түзөрү күтүлүүдө.Возможно, это изображение текст

Иш-чаранын соңунда министр Валиханов көчөсүндөгү Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун сыноо лабораториясынын ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X