Канатбек Чыныбаев Талас облусундагы сел жана суу ташкынынан коргоо иштери менен таанышты

16-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 142

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында калктуу конуштарды сел жана суу ташкындарынан коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшү менен жеринде таанышты.

Министр Талас шаарынын, ошондой эле Талас, Бакай-Ата, Манас жана Айтматов райондорунун аймагындагы бир катар объектилерди кыдырып, дренаждык тутумдарды калыбына келтирүү жана суу өткөрүүчү курулуштардын учурдагы абалын көрдү.

ӨКМдин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө Талас облусунда калктуу конуштарды суу каптоо коркунучунан коргоо максатында жалпысынан 13 объект боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Алардын ичинен 9 объект боюнча долбоорлоо-изилдөө иштерине келишим түзүлүп, төрт объект боюнча иштер толугу менен аяктаган. Дагы төрт объект боюнча жаңы курулуш долбоорлору даярдалып, мамлекеттик экспертизага жөнөтүүгө даярдалууда. Бир объектте курулуш иштери жүрүп жатса, дагы үч объект боюнча конкурс жарыялоого даярдык көрүлүүдө.

Конкурска даярдалып жаткан объектилердин катарына Манас районундагы Көк-Дөбө айылы, Айтматов районундагы Чолпонбай айылы жана Май айылындагы жабык дренаждык системалар кирет.

Министр сапардын жүрүшүндө бир катар негизги объектилерди көрүп чыкты. Талас шаарындагы МИК турак жай массивинде жалпы узундугу 766 метр болгон дренаждык тутумду калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Учурда 200 метр аралыкта казуу иштери аткарылып, диаметри 1000 миллиметр болгон түтүктөр жеткирилген.

Талас районунун Каракол айыл аймагындагы Көпүрө-Базар айылында жайгашкан дренаждык тутумдун 207 метр бөлүгүндө оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп, объект пайдаланууга берүүгө даярдалууда.

Ал эми Шумкар-Уя айыл аймагындагы Сасык-Булак айылында 305,2 метрлик дренаждык тутумду калыбына келтирүү иштери уланууда. Бүгүнкү күнгө чейин 180 метр аралыкта казуу жана демонтаждоо иштери аткарылган.

Бакай-Ата районунун Мин-Булак айылындагы 153 метрлик дренаждык системадагы оңдоо-калыбына келтирүү иштери да соңуна чыгып калды.

Ошондой эле Манас районунун Кыргызстан айыл аймагындагы Көк-Дөбө айылында узундугу 1300 метр болгон жаңы дренаждык системаны куруу жана Май айылындагы 6970 метрлик дренаж боюнча долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү документтер даярдалууда.

Мындан сырткары, облус аймагындагы жети ачык дренаждык канал механикалык тазалоодон өткөрүлдү. Алар Талас жана Бакай-Ата райондорундагы бир катар айылдарда жайгашып, жалпы миңдеген метр аралыкты түзөт. Учурда Биримдик айыл аймагындагы Кең-Арал айылында 1500 метрлик дренаждык каналды тазалоо иштери уланууда.

Иштердин жүрүшү менен таанышкан министр Канатбек Чыныбаев жооптуу жетекчилерге бардык объектилерди белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу бүткөрүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги калкты жана аймактарды сел жана суу ташкындарынын кесепеттеринен коргоо, ошондой эле алдын алуу чараларын күчөтүү ведомствонун негизги артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X