Театралдык окуу жайга Бообек Ибраевдин ысымы ыйгарылды
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин буйругуна ылайык, Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы Театралдык окуу жайга Кыргыз Республикасынын Эл артисти, көрүнүктүү режиссёр жана педагог Бообек Ибраевдин ысымы ыйгарылды.
Аталган маанилүү иш-чара 2025–2026-окуу жылындагы бүтүрүүчүлөрдүн дипломдук “Бетме-бет” спектаклинин көрсөтүүсү менен коштолду.
Салтанатка Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, театр ишмерлери, окуу жайдын окутуучулары, студенттер, бүтүрүүчүлөр жана маданият өкүлдөрү катышты.
Иш-чарада сөз сүйлөгөн министрдин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков аталган чечим Бообек Ибраевдин кыргыз театр искусствосуна, улуттук сахна маданиятынын өнүгүшүнө жана кесипкөй театр адистерин даярдоого кошкон зор эмгегин баалоо максатында кабыл алынганын белгиледи.
«Бообек Ибраев кыргыз театр өнөрүнүн өнүгүшүнө чоң салым кошкон, өзүнүн чыгармачылыгы жана педагогдук ишмердиги менен бир нече муун театр адистерин тарбиялаган инсан», — деди ал.
Ошондой эле ал окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүн куттуктап, чыгармачылык жолунда ийгиликтерди каалады.
«Сиздер бүгүн чоң чыгармачылык жолдун босогосун аттап жатасыздар. Алдыңыздарда жаңы мүмкүнчүлүктөр, жаңы ролдор жана жаңы ийгиликтер күтүп турат. Улуттук театр өнөрүнүн мыкты салттарын улантып, кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө татыктуу салым кошуңуздар», — деп билдирди Союзбек Надырбеков.
Белгилей кетсек, Бообек Ибраев — кыргыз театр искусствосунун көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири, режиссёр жана педагог катары улуттук сахна өнөрүнүн өнүгүшүнө зор салым кошкон. Анын ысымынын Театралдык окуу жайга ыйгарылышы — чыгармачыл муундарга берилген урмат-сыйдын белгиси болуп калды.