Ичимдик жана тамеки ташууда жаңы тартип кирет

16-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 59

Кыргызстанда алкоголь жана тамеки продукциясын ташуу тартиби өзгөрөт. 2026-жылдын 11-февралынан тартып бул товарларды экспорттоо жана импорттоодо жүк навигациялык пломбалар менен көзөмөлдөнө баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жаңы система товарлардын жолдо мыйзамсыз жоголушун, алмаштырылышын же көмүскө алып өтүлүшүн алдын алуу үчүн киргизилет. Навигациялык пломба жүктүн кайсы багытта, кайсы убакта жана өзгөрүүсүз жеткенин көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Салык кызматынын маалыматына ылайык, бул тартип чек арадан өтүүнү тездетип, мыйзамдуу иштеген ишкерлер үчүн ашыкча түйшүктү азайтат. Ошондой эле жүк ташууларда ачыктык камсыздалат.

Жаңы талаптарды түшүндүрүү үчүн Салык кызматы бажы кызматтары, экономика министрлиги жана бизнес өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү. Анда адистер системанын иштөө тартибин түшүндүрүп, ишкерлердин суроолоруна жооп беришти.

Эске салсак, бул система Евразия экономикалык союзунун эрежелерине ылайык киргизилип, автотранспорт жана темир жол аркылуу ташылган алкоголь жана тамеки продукцияларына гана колдонулат.

16-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 59
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X