Ички иштер министрлигине 370 жаңы кызматтык унаа тапшырылды

26-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 238
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Ички иштер министрлигине заманбап санариптик технологиялар менен жабдылган 370 даана жаңы кызматтык автоунааларды тапшыруу аземине катышты.{{ item.title }}

Иш-чарада сүйлөгөн Касымалиев коомдук коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуу мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнүн негизги шарты экенин белгиледи. Ал 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында экономикалык өсүштү камсыз кылуу, калктын бакубаттуулугун жогорулатуу жана индустриялаштыруу боюнча ири максаттар коюлганын айтты. Бул максаттарга мыйзамдуулук жана коомдук коопсуздук бекем сакталганда гана жетүүгө болорун кошумчалады.{{ item.title }}

Ал акыркы беш жыл ичинде президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында өлкөдө масштабдуу реформалар жүрүп жатканын белгиледи. Бул мезгил аралыгында эмгек акы, пенсия жана социалдык төлөмдөр жогорулатылып, мамлекеттик органдардын материалдык-техникалык базасын жаңыртуу боюнча системалуу иштер жүргүзүлгөн.{{ item.title }}

Ошондой эле Ички иштер министрлиги үчүн 280 жаңы имарат курулуп, 300гө жакын объект реконструкциялангандыгы айтылды. Бул кызматкерлер үчүн шарттарды жакшыртып, жарандарды кабыл алууну жеңилдеткен.{{ item.title }}

Касымалиев “Коопсуз өлкө” долбооруна да токтолуп, учурда республика боюнча 10 миңге жакын видеокөзөмөл камерасы иштеп жатканын билдирди. Долбоордун экинчи этабында 2026-жылдын аягына чейин алардын саны 20 миңге жеткирүү пландалып жатканын кошумчалады.{{ item.title }}

Сөзүнүн соңунда ал техникалык жабдууларды жаңылоо менен катар кызматкерлердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу маанилүү экенин белгилеп, милиция кызматкерлерин мыйзамдуулукту сактоого жана жарандардын ишенимин бекемдөөгө чакырды.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X