Ички рынокто жер семирткичтердин баасы текшерилүүдө

11-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 178

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан минералдык жер семирткичтердин бааларын негизсиз кымбаттатууга жол бербөө максатында жер-жерлерде рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Министрликтин маалыматына ылайык, тиешелүү кызматтар ички рыноктогу бааларга көзөмөл жүргүзүп, жер семирткичтердин баасынын негизсиз өсүшүнүн алдын алуу багытында иш алып барууда.

Билдирүүдө айтылгандай, дүйнөдөгү геосаясий кырдаалга байланыштуу жер семирткичтерди жеткирүүдө кыйынчылыктар жаралып, 2026-жылдын март айынан тарта ички рынокто минералдык жер семирткичтердин бааларында өзгөрүүлөр байкалган.

Учурда министрлик жер семирткичтердин жетиштүү көлөмдөгү запасын камсыз кылуу, ташып жеткирүү иштерин жөнгө салуу жана таңкыстыктын алдын алуу аркылуу баалардын кескин өсүшүнө бөгөт коюу чараларын көрүп жатканы белгиленди.

11-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 178
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X