ИДПнын ӨСҮҮ ТЕМПИ ИЙГИЛИК ЖАРАТТЫ

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстанга болгон иш сапарынын жүрүшүндө өлкөнүн динамикалуу өнүгүүсү жөнүндө оюн айтып, «Кыргызстан мурда «уктап жаткан сулуу» сыяктуу болсо, “азыр алкынган аттай болуп турат” деген салыштыруусун дипломатиялык мүнөздөгү алкоо катары баалашыбыз мүмкүн эле. Арийне, Президент Садыр Жапаровдун Президенттик кызматка киришкенине 5 жыл толгондугунун жыйынтыгын утурлай айтылган эксперттердин пикири, эл аралык финансы уюмдарынын факты менен тастыктаган маалыматы Гуттериш мырзанын айтканына үндөшүп турат.

Өткөн жылдын октябрь айындагы Эл аралык валюта фондунун (МВФ) алдын ала эсептөөлөрүнө карата көрсөткүчтөрдү алсак, дүйнөлүк экономика ар кандай кырдаалдарга жараша олку-солку болуп турганына карабастан Кыргызстан ички дүң продукциянын (ИДП) өсүшү боюнча дүйнөлүк лидер өлкөлөрдүн сабында 6-орунду камсыз кылганын кабарлашат. Тагыраагы, МВФтин маалыматы боюнча өткөн жылдын тогуз ай ичинде ИДПнын өсүү көлөмү 8%ды түзгөн. Эл аралык каржы уюмунун билдиргенине караганда, кошуна өлкөлөр — Тажикстан ИДПсы 7,5% өсүш менен 8-орунду ээлесе, Өзбекстан 6,8% менен 15-орунду, ал эми 27-орунда турган Казакстандын ИДПсынын өсүү темпи 5,9%га жеткен.

Өткөн айдын соңунда Президенттик Администациянын аппараттык жыйынында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, биз сөз кылган жогорудагы маалыматтарды тастыктап, Кыргызстандын ички дүң продукциясынын өсүү темпи аймактык да, дүйнөлүк деңгээлде да абдан жогору экенин баса белгиледи.

2025-жылы экономикалык өсүш темпи жогорку бойдон калып, акыркы эки жылда (2024-2025) 11%дан ашты. Бул жүргүзүлүп жаткан экономикалык саясаттын эффективдүүлүгүн жана өнүгүүнүн туура багытта баратканын көрсөтүп турат. 2025-жылдын аягына карата ИДП 1 триллион 976,4 миллиард сомду түзүп, дээрлик 2 триллион сомго жетти. Такталган эсептөөлөр боюнча жыл аягына чейин 2 триллион сомдон ашуусу күтүлүүдө. Салыштыруу үчүн, 2022-жылы ИДП 1 триллион 21 миллиард сомду түзгөн. Үч жылдын ичинде ИДП эки эсеге өстү, — деди МинКаб Төрагасы.

Адылбек Касымалиев белгилегендей, экономиканын өсүшүнө бардык тармактар ​​салым кошуп, анын ичинен курулуш тармагы 21,1%га, тейлөө тармагы 10,9%га, айыл чарбасы 2,2%га, өнөр жайы 10,7%га өсүп, өнөр жай продукциясы дээрлик 800 миллиард сомго жеткен.

Кыргызстандагы экономикалык жактан өнүгүү модели чет өлкөлүк басылмаларда дагы кызуу талкууланып, жакшы пикирлерин жазышууда. Маселен, АКШнын Bloomberg маалымат агенттиги өткөн жылдын аягында “Кыргызстан Борбор Азиянын жаңы “жолборс экономикасына” айланууда” деген макаласын жарыялап, Улуттук банктын маалыматына таянып, Кыргызстан ички дүң продукциянын реалдуу өсүшү акыркы үч жылда жыл сайын орточо 9%дан кем эмес болгондон кийин, быйыл анын экономикасы 10%дан ашык өсөт деп күтүүдө, деп билдирди.  Өсүштүн негизги факторлору болуп туризмдин, курулуштун, ички керектөөнүн өсүшү жана Кытайдан коңшу өлкөлөргө товарлардын реэкспорту болуп саналат, деп билдирет агенттик.

Ал эми Президент Садыр Жапаровдун беш жыл аралыгындагы Президенттик башкаруусуна өзүнүн пикирин билдирген АКШнын үч экс-президентинин кеңешчиси, Борбор Азия боюнча эксперт Фредерик Старр: “Президент Садыр Жапаров бир катар ири жана системалуу көйгөйлөрдү чече алды. Ал элге Кумтөр алтын кенин кайтарууну убадалап, бул сөзүн ишке ашырды. Ошондой эле Садыр Жапаров суу ресурстарына байланыштуу долбоорлорду баштап, ГЭСтердин курулуп жатканына басым жасайт элем. Бирок, анын эң негизги артыкчылыгы – адам ресурстарына болгон көңүл буруусу. Президент мырза бир катар тармакка, анын ичинен билим берүүгө көңүл бурган натыйжалуу лидер катары өзүн көрсөттү. Ал эми Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курула башташы, бул бир гана Кыргызстанга эмес, бүтүндөй регионго олуттуу өзгөрүү алып келет. Садыр Жапаров Кыргызстандын бардык аймагына бирдей көңүл буруп жатканын да баса белгилеп айткым келет. Аэропорттордун ачылышы, жол байланыштарын өнүктүрүү бардык жерде болуп жатат. Бул өлкө ичиндеги байланыштарды бекемдейт. Ошондой эле мүмкүнчүлүктөр, долбоорлор Кыргызстан жана Фергана өрөөнүнүн өнүгүшүнө жол ачат. Биз Борбор Азия жана Кавказ институтунда “Фергана Борбор Азиянын жүрөгү” деп атайбыз. Бүгүнкү күндө Президент Садыр Жапаровдун иш-аракеттеринин натыйжасында Кыргызстандын бул региондогу ролу кыйла күчтөндү” деди.

Биздин өлкөбүздөгү акыркы беш жыл ичиндеги саясий абалга баа берген орусиялык саясат таануучу Владимир Лубянко, Кыргызстан өзүнүн жаңы тарыхындагы эң коогалаңдуу мезгилдердин бирин башынан өткөргөнүн, буга чейинки бир катар кризистердин жана бийликтин тез-тез алмашып турган фонунда Садыр Жапаровдун Президенттиги тышкы саясий ири чечимдердин, экономикалык өсүштүн жана масштабдуу институттук реформалардын мезгилине айланганын белгилейт.

Эксперт негизги жетишкендиктердин бири катары Өзбекстан менен чек араны делимитациялоо иштери аяктаганын, Тажикстан менен келишимдердин акыркы пакетине кол коюлганын, ошону менен бирге Борбор Азиядагы чек аранын эң талаштуу бөлүгү иш жүзүндө бүткөнүнө басым жасайт. Кыргызстан ыңкылаптан кийинки белгисиздик доорунан ишенимдүү чыгып, активдүү тышкы саясат жүргүзүүнү, экономикалык өнүгүүнү, калыптанып калган башкаруу системасын түзүүнү камсыз кылганын баса белгилейт.

Кыргызстандын экономикалык өнүгүү моделин, кылмыштуулук менен күрөшүү чараларын талкуулап, кызыгуусу арткан өлкөлөр дагы жок эмес. Ошону менен бирге ири державалар баш болуп биздин өлкөбүз менен кызматташууга кызыкдар болушу, эл аралык масштабдагы Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун, Нарын каскадындагы Камбар-Ата ГЭС-1дин, “Ала-Тоо резорт” туристтик комплексинин курулушу жана башка долбоорлордун ишке ашырылып жатышы Президенттин тандаган багыты туура экенин айгинелейт.

Шекербек Калыков

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X