«Ихсандын» жабырлануучулары президентке кайрылды

7-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 71

«Ихсан» турак жай кооперативинен жабыркаган сегиз үй-бүлө эки жылдан бери жер тилкелерине байланышкан маселени чече албай келет. Бул тууралуу жабырлануучулардын өкүлү президент Садыр Жапаров менен жолугушууда билдирген.

Анын айтымында, жабыркаган үй-бүлөлөрдүн арасында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар да бар. Алар турак жай куруу үчүн жер тилкелерин алууну көздөшкөн. Бирок кийин ал жерлер камакка алынгандыктан, үйлөрүн курууга мүмкүнчүлүк болбой калган.

Өкүлдүн билдирүүсүнө караганда, карыздар төлөнгөнүнө карабастан, соттук териштирүүлөр эки жылдан бери уланууда. Ал мамлекет башчысынан маселени тездетип чечүүгө жана жер тилкелерин кайтарып алууга көмөк көрсөтүүнү суранган.

Президент Садыр Жапаров бул маселени көзөмөлгө алууну Ички иштер министрлигине тапшырып, камакка алынган мүлккө байланыштуу жагдайларды жана жабырлануучуларга келтирилген зыяндын ордун толтуруу маселесин тактоону тапшырды.

Мамлекет башчысы «Ихсан» кооперативинин ишмердүүлүгүнө байланыштуу жабыркагандардын саны көп болгондуктан, соттук териштирүүлөр узакка созулуп жатканын белгиледи.

7-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 71
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X