ИИМ: 18 жылдан кийин резонанстуу кылмыштын бети ачылды

15-июль, 2026-ж. / Редакция / Кылмыш 145

Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы 2008-жылы Бишкек шаарында жасалган, эки адамдын өмүрүн алган өзгөчө оор кылмыштын бетин ачканын билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, кылмыш ошол учурдагы уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлери катары саналган Камчы Көлбаев менен Рысбек Акматбаевдин тарапташтарынын ортосундагы узакка созулган тирешүү жана өч алуу максатында жасалган.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси («Адам өлтүрүү») менен А.К., А.Ш., Э.Ч. жана Н.М. аттуу жарандар шектүү катары кармалды.

Учурда кылмыш ишинин алкагында бардык зарыл болгон тергөө жана процессуалдык аракеттер жүргүзүлүп жатат.

ИИМ уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана оор, өзгөчө оор кылмыштардын бетин ачуу боюнча иштер улантыларын белгилеп, кылмыш жасалгандан кийин канча убакыт өтсө да күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартыларын билдирди.

15-июль, 2026-ж. / Редакция / Кылмыш 145
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X