ИИМ: Банктык картаңызды башкаларга бербеңиз!

3-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 22

Ички иштер министрлиги жарандарды алдамчылардын тузагына түшүп калуудан этият болууга чакырды.

Акыркы жылдары өлкөдө алдамчылык фактылары көбөйүүдө. Өзгөчө телефон чалуулар, социалдык тармактар жана мессенджерлер аркылуу жарандардын ишенимине кирип, акча каражаттарын мыйзамсыз ээлеп алуу учурлары катталууда.

Алдамчылар өздөрүн банк кызматкери, укук коргоо органынын өкүлү же жакын адам катары тааныштырып, ар кандай шылтоо менен акча же жеке маалымат сурашат. Көп учурда банк картасынын реквизиттерин, SMS аркылуу келген бир жолку сыр сөздөрдү талап кылып, эсептен акча которууга аракеттенишет. Ошондой эле шектүү шилтемелерди жөнөтүп, жарандардын жеке маалыматтарын мыйзамсыз алууга умтулушат.

Айрым учурларда “сый акы” сунуштап, банктык картаны убактылуу пайдаланууга берүүнү өтүнүшөт. Министрлик мындай аракеттер мыйзамсыз экенин эскертип, жарандарды жеке маалыматтарын жана банктык реквизиттерин үчүнчү жактарга бербөөгө чакырды.

3-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 22
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X