ИИМ: Чет өлкөгө жумушка чыгууда сак болуңуз

8-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 133

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги чет өлкөгө жумушка кетүүнү пландап жаткан жарандарды алдамчы агенттиктердин тузагына түшпөөгө чакырат.

Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда жана ар кандай интернет платформаларында оңой акча табууну убада кылган жумуш сунуштарына ишенүүдөн мурун алардын мыйзамдуулугун кылдат текшерүү зарыл. Жарандар жумушка орноштуруучу компаниянын лицензиясы бар-жогун жана мыйзамдуу иш алып барып жатканын алдын ала тактап чыгышы керек.

Мындан тышкары, сунушталган жумуштун графиги, эмгек акысынын өлчөмү, жашоо жана эмгек шарттары тууралуу толук маалымат алуу сунушталат.

ИИМ чет өлкөгө жумушка орноштуруу боюнча мыйзамдуу иш жүргүзгөн агенттиктердин тизмеси migrant.kg сайтында жеткиликтүү экенин эскертет.

Ошондой эле, эгерде жумуш сунуштаган агенттик шектүү көрүнүп, туруктуу кеңсеси жок болуп, кызматтарын онлайн же коомдук жайларда гана сунуштаса, жарандар ички иштер органдарына же Бишкек жана Ош шаарларындагы Жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борборлоруна кайрылуусу керек.

Министрлик чет өлкөгө эмгек миграциясына аттануудан мурда өз укуктарына жана жеке коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууга чакырат.

8-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 133
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X