ИИМ чет өлкөлүк жарандарга мыйзамдарды сактоо жана алдамчылыктан сактануу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан чет өлкөлүк жарандар арасында алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлдү.
Иш-чаралардын жүрүшүндө өлкөдөгү коомдук-саясий туруктуулукту сактоо, улуттар аралык ынтымакты бекемдөө, жергиликтүү калк менен чет өлкөлүк жарандардын ортосундагы мүмкүн болгон чыр-чатактардын алдын алуу жана мыйзам талаптарын түшүндүрүү маселелерине көңүл бурулду.
Жолугушууларда катышуучуларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын так сактоо, коомдук тартипти бузбоо, миграциялык талаптарды аткаруу жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча маалыматтар берилди. Ошондой эле коомдук коопсуздукту камсыз кылуу ар бир адамдын жоопкерчилиги экени белгиленди.
Мындан тышкары, милиция кызматкерлери алдамчылык фактыларынын алдын алуу боюнча түшүндүрмө берип, акча которуулар, жумушка орноштуруу, ортомчулук кызматтары, мүлк сатып алуу жана башка финансылык операцияларга байланыштуу шектүү схемалардан сак болууга чакырышты.
Катышуучуларга жеке маалыматтарды жана берилген сунуштарды кылдат текшерүү, күмөндүү жагдайларга ишенбөө, ошондой эле мыйзамсыз аракеттерге туш болгон учурда укук коргоо органдарына кайрылуу сунушталды.
ИИМ Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн ар бир адам мыйзамдарды урматтап, коомдук тартипти сактоо менен бирге өзүнүн жана башкалардын коопсуздугуна жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат.