ИИМ эскертет: Банк картасын акчага берүү кылмыш жоопкерчилигине алып келиши мүмкүн

20-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 114

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандарды банк карталарын үчүнчү жактарга берүүдөн жана башка адамдардын акчасын сый акы үчүн которуудан сак болууга чакырат.

Мындай аракеттер жарандарды мыйзамсыз акча жүгүртүүгө байланышкан кылмыштуу схемаларга аралаштырышы мүмкүн. Башка адамдардын акча которууларын жүргүзүү үчүн банк карталарын же эсептерин берген адамдар «дропперлер» деп аталат жана кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.

Ички иштер министрлиги жарандарды банк карталарын жана эсептерге кирүү маалыматтарын бөтөн адамдарга бербөөгө, ошондой эле шектүү финансылык сунуштарга макул болбоого чакырат.

Эсиңизде болсун: бүгүнкү жеңил акча эртең эркиндигиңизден ажыратуусу мүмкүн. Дроппер болбоңуз!

20-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 114
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X