ИИМ менен Интерпол трансулуттук кылмыштуулукка каршы күрөштү талкуулашты

5-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 228

Бишкекте өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин кеңешмесинин алкагында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков Эл аралык кылмыш полиция уюму – Интерполдун Башкы катчысы Валдеси Уркиза менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар укук коргоо тармагындагы эл аралык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулап, Кыргызстандын Ички иштер министрлиги менен Интерполдун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүнө токтолушту.

Айрыкча ыкчам маалымат алмашуу, эл аралык издөөдө жүргөн кылмышкерлерди аныктоо жана трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар азыркы учурдагы коопсуздукка байланыштуу коркунучтар ар кайсы мамлекеттердин укук коргоо органдарынын тыгыз кызматташуусун талап кыларын белгилешти.

Улан Ниязбеков Интерпол менен кызматташуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин эл аралык ишмердүүлүгүндөгү артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналарын айтып, чек арадан өткөн кылмыштуулукка каршы күрөштүн натыйжалуулугун жогорулатууда маанилүү роль ойной турганын билдирди.Возможно, это изображение один или несколько человек и текст

Өз кезегинде Валдеси Уркиза өнөктөштүктү мындан ары кеңейтүүгө даяр экенин белгилеп, эл аралык байланыштарды чыңдоонун жана биргелешкен иштин практикалык механизмдерин өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду. Ал Интерполдун Улуттук борбордук бюролору мамлекеттердин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүн координациялоодо негизги ролду аткарарын баса белгиледи.Возможно, это изображение помост и текст

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар коомдук коопсуздукту камсыздоо, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле кылмыштуулукка каршы күрөштөгү эл аралык аракеттердин натыйжалуулугун жогорулатуу багытындагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө кызыкдар экендиктерин ырасташты.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X