ИИМ Таиланддан Кыргызстанга баңгизат ташыган каналдын ишин токтотту
Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Таиланддан Кыргызстанга баңгизат ташыган эл аралык каналдын ишин токтотту.
ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы «Түндүк» темир жол бажысынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзгөн операциянын жүрүшүндө Бишкектеги почта бөлүмдөрүнүн биринен 1980-жылы туулган Т.Б.О. жана 1989-жылы туулган Ч.Н. аттуу жарандар кармалган.
Алардан Таиланддан келген 7 килограмм 560 грамм марихуана табылган. Алдын ала маалымат боюнча, баңгизаттын көмүскө базардагы баасы 400 миң доллардан ашмак.
Тергөөнүн жүрүшүндө жүк Казакстанга мыйзамсыз өткөрүү үчүн даярдалганы аныкталган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү тергөө жана ыкчам иш-чаралар уланууда. ИИМ кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштерин жүргүзүүдө.