ИИМ трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун дагы бир шектүү мүчөсүн кармады

23-июнь, 2026-ж. / Редакция / Кылмыш 172

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө-ыкчам иш-чараларын улантууда.

Маалыматка ылайык, аталган кылмыштуу топ Кыргызстандын аймагында жана Россия Федерациясынын Свердлов облусунда бир катар оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасоого шектелүүдө.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө 1981-жылы туулган Т.Д. аттуу жарандын бул уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө тиешеси бар болушу мүмкүн экендиги аныкталып, ал кармалды.

Возможно, это изображение текст

Ошондой эле тергөө иштеринин алкагында Т.Д. башкарган «Toyota Prius» үлгүсүндөгү унаага тинтүү жүргүзүлгөн. Унааны кароо учурунда жалпы салмагы болжол менен 5 граммды түзгөн, психотроптук зат деп болжолдонгон каражат табылып, тиешелүү тартипте алынган.

Тергөө аракеттеринин жыйынтыгында Т.Д.га Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси («Уюшкан топту түзүү же ага катышуу») боюнча айып коюлду. Ага карата соттун чечими менен камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.

Учурда ИИМ тарабынан кылмыш ишинин бардык жагдайларын тактоо, уюшкан кылмыштуу топтун башка мүмкүн болгон мүчөлөрүн аныктоо жана алардын башка кылмыш иштерине катыштыгы бар-жогун текшерүү боюнча тергөө жана ыкчам иш-чаралар улантылууда.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X