ИИМ жана бажы кызматкерлери психотроптук заттарды мыйзамсыз алып кирүү аракеттеринин алдын алды

9-июль, 2026-ж. / Редакция / Кылмыш 173

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жана Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын «Манас» бажы постунун кызматкерлери биргелешкен иш-чаралардын жүрүшүндө психотроптук заттарды жана күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди өлкө аймагына мыйзамсыз алып кирүү аракеттерине бөгөт коюшту.

ИИМдин маалыматына ылайык, 2026-жылдын башынан бери жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу фактылар аныкталып, 14 чет өлкөлүк жаран кармалды.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө 600 даана таблетка, 150 даана капсула жана 10 даана спрей түрүндөгү заттар алынган.

Учурда аныкталган фактылар боюнча тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Кармалган жарандардын аракеттерине укуктук баа берилет.

ИИМ жарандарды баңгизаттарды, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун, прекурсорлорун жана күчтүү таасир этүүчү заттарды мыйзамсыз алып кирүү, сактоо, ташуу, даярдоо же сатуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келерин эскертет.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X