ИИМ жарандарды фейк-видеолордон жана шектүү шилтемелерден сак болууга чакырды

31-июль, 2026-ж. / Редакция / Коом 125

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги социалдык тармактарда жана мессенджерлерде жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалган алдамчылык видеолор жайылып жатканын эскертип, жарандарды сак болууга чакырды.

Министрликтин маалыматына ылайык, кылмышкерлер укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин сүрөттөрүн мыйзамсыз пайдаланып, алардын атынан жалган маалыматтарды камтыган жасалма видеолорду таратууда. ИИМ мындай материалдардын министрликке эч кандай тиешеси жок экенин жана алардын негизги максаты жарандарды алдоо экенин белгиледи.

Ушуга байланыштуу ИИМ жарандарды шектүү видеолорго ишенбөөгө, белгисиз шилтемелерге өтпөөгө жана жеке маалыматтарын, банктык карталарынын реквизиттерин, ырастоо коддорун же башка купуя маалыматтарын үчүнчү жактарга бербөөгө чакырат.

Ошондой эле маалыматтын аныктыгын Ички иштер министрлигинин расмий маалымат булактары аркылуу гана текшерүү сунушталат.

Министрлик заманбап технологиялар жасалма видеолорду өтө ишенимдүү кылып даярдоого мүмкүнчүлүк берерин эскертип, маалыматка сын көз караш менен мамиле кылуу жана аны текшерүү алдамчылардын тузагына түшүп калбоонун эң натыйжалуу жолу экенин билдирди.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X