ИИМ: Жасалма документ менен автоунаа чыгарууну убадалаган жаран кармалды
Өзүн Бишкек шаарынын ИИББ боюнча Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкеримин деп тааныштырып, жаранга жасалма документ берген шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматына К.У.С. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал өзүн милиция кызматкери катары тааныштырган белгисиз жаран ишенимине кирип, алдамчылык жолу менен 60 миң сом акчасын алып, анын ордуна автоунааны айып короодон чыгарууга укук берет деген жасалма документ тапшырганын билдирген.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө мурда соттолгон, 1992-жылы туулган К.У.М. аттуу жаран кармалган.
Шектүүнүн жашаган жеринде жүргүзүлгөн санкцияланган тинтүүдө Бишкек шаарынын Патрулдук милиция башкармалыгы тарабынан берилгендей жасалмаланган, айып короодон транспорт каражаттарын алууга укук берүүчү маалымкаттардын бланктары табылып, алынган.
Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо жана кармалган жарандын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар-жогун текшерүү боюнча тергөө иш-чаралары улантылууда.