ИИМде эл аралык иш-чараларда коопсуздукту камсыздоо боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди

20-август, 2026-ж. / Редакция / Коом 71

Бүгүн, 20-августта ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбековдун төрагалыгы алдында Ички иштер органдарынын жетекчилеринин катышуусунда аппараттык кеңешме өттү. Жыйынга министрдин биринчи орун басары жана орун басарлары да катышты.

Кеңешмеде алдыда Кыргыз Республикасында өтө турган чет өлкө президенттеринин расмий иш сапарлары, Шанхай кызматташтык уюмунун саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо маселелери талкууланды.

Ошондой эле укук бузуулардын алдын алуу, улуттар аралык кастыкты козутууга түрткү бере турган мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюу, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин даярдыгын жана ыкчам аракеттенүүсүн күчөтүү боюнча милдеттер каралды.

Министр Улан Ниязбеков алдыдагы иш-чаралардын өлкө үчүн маанилүүлүгүнө токтолуп, аларды жогорку деңгээлде жана коопсуз өткөрүү боюнча тиешелүү жетекчилерге конкреттүү тапшырмаларды берди.

Анын ичинде иш-чаралар өтө турган аймактарда профилактикалык иштерди күчөтүү, коомдук тартипти сактоо жана жарандардын коопсуздугуна коркунуч жаратышы мүмкүн болгон ар кандай жагдайларга ыкчам чара көрүү талап кылынды.

Мындан тышкары, ички иштер органдарынын кызматкерлерине кызматтык милдеттерин так жана жоопкерчиликтүү аткаруу, мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти сактоо боюнча көрсөтмөлөр берилди.

Жарандар менен иштөөдө сылык мамиле жасоого, этикалык ченемдерди жана мыйзам талаптарын так сактоого өзгөчө көңүл буруу белгиленди.

Алдыдагы эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды коопсуз жана жогорку уюшкандыкта өткөрүү максатында ички иштер органдарынын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт.

20-август, 2026-ж. / Редакция / Коом 71
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X