Искандарбек Маматов, Аймактарда жаңы жумуш орундары түзүлүүдө
Кыргызстанда аймактарды өнүктүрүү, жаңы ишканаларды ачуу жана жумуш орундарын көбөйтүү боюнча иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы аймактарды өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын жетекчиси Искандарбек Маматов билдирди. Анын айтымында инвестиция тартууга жана жергиликтүү аймактардын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга аракет тынымсыз жасалууда.
-Искандарбек Батырбекович, учурда аймактарды өнүктүрүүдө аткарылып жаткан ири долбоорлор туурасында айтып өтсөңүз? Өзгөрүүлөр барбы?
— Аймактарга инвестиция тартылган сайын жаңы ишканаларды ачууга жана жумуш орундарын түзүүгө мүмкүнчүлүк көбөйүп, 2026-жылдын январь–март айларында Кыргызстанга 386,8 миллион доллар түз чет өлкөлүк инвестиция тартылган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 34,2 пайызга көп. Албетте бул чоң өзгөрүү. Инвестициялардын олуттуу бөлүгү Талас, Нарын, Чүй, Жалал-Абад облустарына жана Бишкек шаарына туура келет. Бул каражаттар өндүрүштү, инфраструктураны, сооданы, маалыматтык технологияларды, каржы жана башка кызмат көрсөтүү тармактарын өнүктүрүүгө жумшалган. Инвестициянын жана жаңы долбоорлордун көбөйүшү жумуш орундарын түзүүгө да таасирин берүүдө. 2026-жылдын январь–март айларында Кыргызстан боюнча 38 891 жаңы жумуш орду түзүлгөн. Анын 33 318и туруктуу жумуш орундары. Эң көп жумуш орду Бишкек шаарында түзүлүп, алардын саны 11 771ге жеткен. Баткен облусунда 5 828, Ош облусунда 5 113, Жалал-Абад облусунда 4 426, Чүй облусунда 3 566, Ош шаарында 3 145 жаңы жумуш орду түзүлгөн. Мындан тышкары, 2026-жылдын январь–июнь айларында региондорду өнүктүрүү фонддору тарабынан 894,1 миллион сом өздөштүрүлүп, 245 долбоор каржыланган. Бул долбоорлордун натыйжасында 186 жаңы жумуш орду түзүлгөн. Эске салсак, ушул күндөрдө өлкөнүн аймактарын өнүктүрүү үчүн 2025–2030-жылдарга карата атайын программа ишке ашырылып жатат. Анын негизги максаты – ар бир аймактын өзүнө ылайыктуу багытын аныктап, экономиканы өнүктүрүү. Бул программанын алкагында шаарлардын жана аймактардын мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп, кайсы жерде кайсы тармакты өнүктүрүүгө болорун аныктаган мастер-пландар даярдалууда. Учурда ПРООНдун колдоосу менен Өзгөн жана Кант шаарларынын мастер-пландарын иштеп чыгуу башталды.
— Жумуш орундарынын түзүлүшү менен адистердин таңкыстыгы жаралган жокпу? Ар бир өндүрүштүн өзүнүн адиси болот эмеспи?
— Албетте, жаңы ишканалардын жана долбоорлордун көбөйүшү менен жакшы даярдалган адистерге болгон талап да күчөдү. Андыктан жумуш орундарын түзүү менен эле чектелбестен, ошол жумуштарга керектүү кадрларды даярдоо да маанилүү болууда. 2026-жылдын январь–июнь айларында өнөр жай өндүрүшү Ош шаарында 176,7%га, Баткен облусунда 127,8%га, Ош облусунда 122,9%га, Ысык-Көл облусунда 122,5%га жана Чүй облусунда 119,1%га өскөн. Негизги капиталга салынган инвестициялар боюнча да бир катар аймактарда өсүш байкалган. Нарын облусунда бул көрсөткүч 581,7%ды, Ош шаарында 393,9%ды, Баткен облусунда 382,9%ды түзгөн. Аймактарда жумуш орундарын көбөйтүү миграция маселеси менен да түздөн-түз байланыштуу болууда. Эгер адам өз аймагынан туруктуу жана жакшы маяна төлөнгөн жумуш таба алса, башка жакка иш издеп кетүүгө болгон муктаждыгы да азаят эмеспи. Ошондуктан, инвестиция тартуу менен катар жергиликтүү тургундарды жумуш менен камсыз кылуу, алардын кесиптик билимин жогорулатуу жана эмгек укуктарын коргоо маанилүү болуп турат. Ошол эле учурда айрым тармактарда жергиликтүү кадрлар жетишсиз болуп, чет өлкөлүк жумушчу күчүнө муктаждык жаралган учурлар жок эмес.
Инвестициянын көбөйүшү, жаңы ишканалардын ачылышы жана аймактардагы өндүрүштүн өсүшү мунун баары жумуш орундарын көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Эң негизгиси, бул мүмкүнчүлүктөр жергиликтүү калкка жетип, адамдар өз аймагында туруктуу иштеп, киреше таба алышы керек. Ошондуктан алдыдагы негизги милдеттердин бири – инвестицияны аймактарга багыттап, жаңы жумуш орундарын түзүү, жергиликтүү кадрларды даярдоо жана калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу болууда.
Жазгүл Кенжетаева