ИИМде коопсуздукту камсыздоо боюнча артыкчылыктуу багыттар аныкталды

23-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 123

2026-жылдын 23-июнунда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде онлайн форматта аппараттык кеңешме болуп өттү. Ага ИИМдин жетекчилиги, борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, башкы башкармалыктардын, башкармалыктардын жана аймактык ички иштер органдарынын жетекчилери катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарылган иштердин жыйынтыктары талданып, ички иштер органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, кызматтык тартипти бекемдөө жана коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча актуалдуу маселелер каралды.

Катышуучулар өлкөдөгү коомдук-саясий туруктуулукту сактоо, укук бузуулардын алдын алуу, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана укук тартибин бекемдөө багытында жүргүзүлүп жаткан иштерди талкуулашты. Ошондой эле коомдук-саясий кырдаалга терс таасир тийгизиши мүмкүн болгон факторлорго алдын ала чара көрүү боюнча милдеттер белгиленди.

Туристтик мезгилдин кызуу жүрүп жаткандыгына байланыштуу жетекчилерге туристтик аймактарда коопсуздук чараларын күчөтүү, туристтик-экологиялык милициянын ишин жакшыртуу, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен кызматташууну бекемдөө боюнча тапшырмалар берилди.

Возможно, это изображение один или несколько человек

Кеңешмеде «Коопсуз өлкө» долбоорунун алкагында заманбап санариптик технологияларды колдонуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Тактап айтканда, видео байкоо системаларын кеңейтүү, боди-камераларды, планшеттерди, дрондорду жана башка техникалык каражаттарды натыйжалуу пайдаланууну күчөтүү боюнча милдеттер коюлду.

Учурда республика аймагында 10 миңден ашуун видео байкоо камерасы иштеп жатканы белгиленип, жыл аягына чейин алардын санын 20 миңге жеткирүү пландалып жатканы айтылды.

ИИМдин жетекчилиги тарабынан ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн мындан ары өркүндөтүү, калк менен иш алып баруунун сапатын жогорулатуу, жарандардын кайрылууларына ыкчам чара көрүү жана коомдук маанидеги иш-чараларда коопсуздукту камсыздоо боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Кеңешменин соңунда иштин негизги багыттары аныкталып, тиешелүү жетекчилерге конкреттүү тапшырмалар жүктөлдү.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X