ИИМде кылмыштарды ыкчам ачуу жана алдын алуу маселеси талкууланды

2-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 85

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Нурбек Абдиев ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жетекчилиги жана өздүк курамы менен ыкчам кеңешме өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө кылмыштарды тез арада ачуу, алардын алдын алуу жана ыкчам ишти натыйжалуу уюштуруу маселелери талкууланды. Ошондой эле ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүнүн заманбап ыкмаларын өркүндөтүүгө басым жасалды.

Нурбек Абдиев жарандардын кайрылууларын өз убагында кароонун маанилүүлүгүн белгилеп, ар бир билдирүүгө ыкчам реакция кылуу зарылдыгын айтты. Мындан тышкары, кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана тиешелүү чараларды көрүү боюнча ишти күчөтүү тапшырылды.

Кеңешмеде кызматтык жана аткаруучулук тартипти бекемдөө, кызматкерлердин кесиптик даярдыгын үзгүлтүксүз жогорулатуу жана кылмыш иликтөө бөлүмдөрүнүн өз ара тыгыз кызматташуусун камсыз кылуу маселелерине да өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйынтыгында кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүүгө, коомдук коопсуздукту камсыз кылууга жана ыкчам кызматтардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган мындан аркы иштин негизги багыттары аныкталып, тиешелүү тапшырмалар берилди.

2-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 85
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X