ИИМде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын 90 жылдыгы белгиленди
2026-жылдын 3-июлунда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Мааракенин алкагында кызматта көп жыл эмгектенген ардагерлерге өзгөчө урмат көрсөтүлүп, алар ретро кызматтык автоунаалар менен ИИМдин имаратына салтанаттуу түрдө жеткирилди. Ошондой эле министрликтин алдында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматында мурда колдонулган жана учурда пайдаланылып жаткан атайын техникалардын, жабдуулардын жана кызматтык автоунаалардын көргөзмөсү уюштурулду.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов, ИИМдин Генералдар клубунун төрагасы Садырбек Дубанаев, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Бакыт Сеитов, ички иштер органдарынын жетекчилери, ардагерлер жана ЖКККББнын өздүк курамы катышты.
Салтанат мамлекеттик гимн менен ачылып, катышуучуларга жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын 90 жылдык тарыхын чагылдырган даректүү тасма көрсөтүлдү.

Куттуктоо сөзүндө Октябрь Урмамбетов жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы өлкөдө укук тартибин бекемдөөдө жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда маанилүү орунду ээлерин белгиледи. Анын айтымында, ИИМ тарабынан кызматты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, санариптик технологиялар этап-этабы менен киргизилип, материалдык-техникалык база чыңдалып, кызматтык автопарк жана техникалык жабдуулар жаңыланууда. Бул жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча иштердин натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Ошондой эле министрдин орун басары кызматкерлердин күнүмдүк түйшүктүү эмгегине жана ардагерлердин кызматтын өнүгүшүнө кошкон салымына жогорку баа берди.

Мааракенин урматына ички иштер органдарынын бир катар кызматкерлери жана ардагерлери ИИМдин сыйлыктары, юбилейлик медалдары, Ардак грамоталары жана ыраазычылык каттары менен сыйланышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө коноктор куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, кызматтын 90 жылдык тарыхына, басып өткөн жолуна жана бүгүнкү жетишкендиктерине токтолушту. Салтанат майрамдык концерттик программа менен жыйынтыкталды.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өздүк курамын жана ардагерлерин 90 жылдык мааракеси менен куттуктап, жооптуу кызматтарында ийгиликтерди, бекем ден соолук жана бакубат турмуш каалады.