ИИМдин орун басары Кытай элчиси менен коопсуздук маселесин талкуулады

21-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 157

Кыргызстандын ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

Жолугушууда Кыргызстандагы Кытай жарандарынын арасында укук бузуулардын алдын алуу, алардын өлкө мыйзамдарын сактоосу, жергиликтүү салт-санаа, маданият жана коомдук тартипти урматтоосу боюнча кызматташтык маселелери талкууланды.

Тараптар Кытай элчилигинин катышуусунда маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчөтүп, биргелешкен алдын алуу иш-чараларын өткөрүүнү макулдашты.

Октябрь Урмамбетов Кыргызстан Кытай менен конструктивдүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи.

Өз кезегинде элчи Лю Цзянпин биргелешкен маалыматтык иштерди улантууга даяр экенин билдирип, коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча кызматташууну чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Жыйынтыгында тараптар мыйзамдуулукту сактоо жана эки өлкөнүн тиешелүү органдарынын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү боюнча кызматташууну улантууга макулдашты.

21-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 157
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X