"Эркин-Тоо"

Ильгиз ГИЛЯЗЕТДИНОВ: “БАЛАЛЫГЫМ СОГУШ УЧУРУНА ТУШ КЕЛДИ»

Кыргыз республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Ильгиз ГИЛЯЗЕТДИНОВ

«Жакшы адам менен баарлашсаң, атырканага киргендей болосуң» деген сөз бар. Бул касиет толук бойдон акын, публицист, сатирик, котормочу Ильгиз Гилязетдиновго таандык. Жаамы журтчулугубузга ысымы аттын кашкасындай таанымал инсан 60 жылдан бери адабият, басма сөз майданында үзүрлүү эмгектенип, адеми чыгармаларды жаратып келүүдө. Кезинде мезгилдүү басма сөз бетинде ысымы байма-бай көзгө урунуп, талылуу маселелерди козгогон ойлору, көз карашы жана атуулдук позициясы менен омоктуу сөзүн айткан чыгаан калемгер катары таанылган аганын учурда эмне менен алектенип жатканы, жашоосундагы жагдайлар окурмандарды кайдыгер калтырбай турганы талашсыз. Андыктан кадырман ардагерге атайын жолугуп, субхат курууну туура көрдүк.

— Сиз окуган А.Осмонбеков атындагы мектебиңиздин 90 жылдык мааракесине барганыңызда 300дөн ашык китепти белекке берип, ошол граждандык согуштун каарманы, легендарлуу атчандар дивизионунун командири А.Осмонбековдун эрдиктерин, баскан жолун чагылдырган чыгарма жазууну баштаганыңызды айткан элеңиз. Ал ишиңиздин өтөсүнө чыктыңызбы?

— Ал атактуу зардалды мен көрүп гана калбастан өз перзентиндей болуп, койнунда да жаткам. Анткени, Акматбек, Ооганбек деген эки уулу кандуу казатка кетип, байбичеси экөө мени эрмек кылып, алып жатышчу. Ошол улуу инсан жөнүндө чыгарма жазсаңар китептин чыгымын төлөйм деген мырза сөзүнө турбай, убадасы аябай узарып кетти. Ошондой учурда, зардалдын жакын туугандарынын бири Манас Эсенгелдиев деген белгилүү хирург менин кол жазмам менен кошо А.Осмонбековго байланыштуу бүт тарыхый документтерди алып кетти. Кайран жигит максатына жетпей, жүрөгүнүн айынан мүрт кетип, китептин багы дагы ачылбай калды. Анан уйдан, же уй байлаган жиптен жок болуп, азыркы мезгилге чейин өз эмгегиме ээ боло албай жүрөм. Ал эң баалуу документтер колуна тийген маркумдун экинчи аялы менчиктеп алып, кайнилерине терс жооп айтып, жолотпой коюптур. Ошентип, алдындагы аялуу буюумун алдырган мусапырдай олтуруп калгандагы кезим…

— Анан дагы ошол жолугушууда балалык чакта баштан кечиргениңиз, өзүңүздүн насаатчылар, мугалимдер, анын ичинде Арапбаев деген агайыңызга байланыштуу окуялар жөнүндө да баянды жазып жатканыңызды айттыңыз эле?

— Арийне, ал оюмду ишке ашырыш максатында көп аракеттер жасалды. Мен балалыгы согуш учуруна туш келген муунга кирем. Биз оруктагы оор жумуштун баарын мойнуна алган аялзатынын, карыкартаңдардын катарында туруп, чийне тартып, темин айдадык, эгин отоп, машак тердик. Ошондогу баштан кечиргендерди (анын да өз романтикасы бар болчу) өз-өзүнчө мезгилге, тематикага бөлүп, цикл түрүндө жаздым. Алардын айрымдары («Шоктугу баштан ашкан балдар элек», «Жеңишке оңой жетпегенбиз», «Айылдаштарым аза күткөн күндөр», ж.б.) басма сөзгө жарыяланды. Өспүрүм курагымда мен өтө жакын болгон адамдарымдын бири агайым Абдылдажан Арапбаев болду. Ал биздин айылдагы мектепке математика, физика мугалими болуп жиберилген экен. Бир күнү кеч бешимде дүкөндүн алдына бир топ адам түшкөн ГАЗ51 жүк ташуучу машина келип токтоду. Анда, автобус деген болгон эмес. Жүргүнчүлөр тарап кеткенден кийин үстүндөгү чаңын күбүп, бир чоочун жигит эки жагын элеңдей карап турду. Кичине кол чемоданы бар. Ал мени чакырып, мектеп кайда экенин жана азыр анда ким барын сурап калды.

— Тиги дөбөдөгү чоң имарат мектеп, анда азыр эч ким жок,- дедим.

— Айылыңарда баш паанектечү, шам-шум этчү жайыңар барбы, иничегим? – деп сурады, жанагы келген жигит.

— Андай жайлар жок, тааныштуунуштардыкына эле барышат эки жактан келгендер…

— Жигит эрме чөлдө жалгыз калгандай аргасы куруп турду. Анын абалын түшүнүп, ичимден аны: -Жүрүңүз биздин үйгө барып чай ичип, бүгүнчө эс алыңыз, – дедим.

— Сенин үйүң кайда?

— Мына бул селсоветтин ары жагында.

Ошондон эки-үч ай мурда, мектепте завуч болуп иштеген бир тууган агам Вагинур Талиповду партиянын Жаңы-Жол райкомунун бөлүм башчылыгына шайлашып, ал райборборго көчүп кеткен эле. Анын керебети бош турчу. Анан да биз оокаттуу жашап, самоор, патефондон баштап, радиокабылдагычты да биринчи апкелген үйбүлө элек. Мындай «комфорт» үчүн республикадан барган чоң кызматкерлер да биздин үйгө түшүшчү.

Апабызды айылдыктар айкөлдүгү, акылгөйлүгү, ак көрпө жайылдыгы үчүн атынан айтпай «апа» деше турган. Ошол мээрбандыгына ишенип, мен келгин жигитти ээрчитип баратам да…

— Ырас кылыпсың, уулум, тааныш-туунушу жок бул балам кайда бармак эле. Жай таап, орун-очок алганча биздикинде туруп турсун, – деди энем.

Ошентип, Абдылдажан агайым апамдын бакма баласы болуп, биздин үйдө төрт жыл жашап калды. Тамак-ашы белен, кир-когу жуулуу, эч кемчили жок, телегейи тегиз болду. Бул үчүн ал жанынан бир тыйын короткон жок. Бирок, анын бир сиңирген эмгеги – ал мага мандолинодо ойногонду үйрөттү. Мен ага окуучусу болуп туруп, келин-кыздарга ашыглык катын жазганды, (чындыгында мен жазганды көчүргөнгө) үйрөттүм. Агайымдын катын дарегине өзүм тапшырчумун, же ортомчулук кызматты аткарчумун.

— Ошондогу окуялар дагы баяндарыңызда чагылдырылганбы? Аңыз катары айтылып жүргөндөргө караганда, сиз күбө болгон олуттуу окуялар өткөн окшобойбу…

— Ал ырас. Анда элетте деле күргүштөгөн турмуш жүрүп, адамдар жашоонун абалтан берки жолун улап келишкен. Жоросу, сармердени, ала-бакан селкинчеги башталып, жаштар шапар тебишкен. Анан ошондой оюн-зооктордо жигиттер менен бийкечтер бирин-бири жактырышып, көөнү болсо… бир белгисин билдирчү. Менин агайым да айылдык бир перизатты көңүлүнө тутуп, экөөнүн ортосунда оттон ысык сезимдер тутанып кеткен эле. Алар кыраакылыкты жоготуп койгонбу – башкалар эмес, келиндин жолдошу да шек алып калат. Акыры бул ашыглык трагедия менен аяктаган – күйөөсү келинди бычактап таштап, буга себепкер менин агайым деп эсептешкен.

Бирок, айылдыктар “Умай эне” деп санашкан апамдын «бакма баласы» болуп калган агайыма доо арттыруудан тартынышты. Анын үстүнө, өз агам райкомдун белдүү кызматкери болгондуктан, аны да сыйлашып, мейман жигитке тийишкен эмес. Мен бул чыгарманы көркөм чыгармага айлантып, агайымдын аты-жөнүн өзгөртүп койдум.

— Ошол агайыңыз менен кийин мамиле түзүп, байланышып турдуңузбу?

— Мен орто мектепти аяктагандан кийин университетке өтүп, аны бүтүп эле борбордо иштеп калдым. Агайым А.Арапбаев менен арадан бир топ жыл өткөндөн кийин Жалал-Абад шаарында жолугуп калдым. Ал аябай өкүнгөн түрдө: «Мен апамдын ак тузун актабай, батасын албай кетиптирмин. Эрке баласындай тайраңдап жашап, өз үйүмдөй көптөгөн сый, жакшылыкты көрдүм эле. Кур дегенде бир көйнөк кийгизип, бир пияла чай ичиргенге жарабаптырмын Кечирим сурап алдынан өтпөгөнүм эки дүйнөдө карыз болуп калды» – деп, өкүнгөн эле көзү жашылданып…

(Уландысы бар)

Өмүрбек ТИЛЛЕБАЕВ
№28 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 7-апрели

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!