Иличбек КУЛНАЗАРОВ, Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Коммуникация жана контент боюнча башкы адиси: «КАМСЫЗДАНДЫРУУ ЖООПКЕРЧИЛИКТҮҮ ТАНДООБУ ЖЕ ФОРМАЛДУУ ТАЛАППЫ?»

Акыркы жылдары табигый кырсыктардын саны көбөйүп, климаттык тобокелдиктер күчөдү. Мындай шартта жарандардын мүлкүн жана коопсуздугун коргоо маселеси мамлекеттик саясаттын маанилүү бөлүгүнө айланды. Камсыздандыруу — бул кошумча чыгымбы же эртеңки күнгө болгон жоопкерчиликтүү инвестициябы? Ушул жана башка суроолорго Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Коммуникация жана контент боюнча башкы адиси Иличбек Кулназаров жооп берди.

— Бүгүн өлкө боюнча 1 миллиондон ашуун турак жай бар. Бирок, камсыздандыруу менен толук камтуу алигиче жетишиле элек. Калкты жүз пайыз камтуу үчүн кандай конкреттүү кадамдар пландалууда?

— Ооба, республика боюнча 1 миллион 251 миңден ашуун турак жай катталган. Камтуу көрсөткүчү жыл сайын өсүп жатат: 2024-жылы 249 миңден ашыгы камсыздандырса, 2025-жылы 361 миңден ашуун камсыздандыруу келишими түзүлдү. Биздин негизги багыт – калкты этап-этабы менен толук камсыздандыруу. Бул үчүн бир гана административдик чара жетишсиз. Ошондуктан аймактарда маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчөтүп, жеринде жолугушууларды уюштуруп, жарандар менен түз баарлашып жатабыз. Анткени, камсыздандыруу маданияты мыйзам аркылуу эмес, аң-сезим аркылуу калыптанат. Негизги максатыбыз – камсыздандыруу социалдык жактан ишенимдүү коргоо механизми экенин жеткирүү. Бул жөн гана түшүндүрүү эмес, иш жүзүндө далилденип жаткан мамлекеттик колдоо.

— Көпчүлүк жарандар “кырсык болбосо төлөгөн акчам күйүп кетет” деген ойдо жүрүшөт. Түшүндүрүү иштерин күчөтүү мындай психологияны өзгөртүп жатабы?

— Бул эң негизги тоскоолдуктардын бири. Камсыздандыруу – бул утушка негизделген система эмес, тобокелдикти бөлүштүрүү механизми. Мисалы, 2025-жылдын башында Лос-Анжелес шаарында жана анын айланасында ири өрт кырсыктары катталды. Бул акыркы жылдардагы АКШ аймагындагы эң чоң табигый кырсыктардын бири болду. 16 миңден ашуун курулуш жок кылынып, экономикалык чыгым 50–53 миллиард долларга жеткени маалымдалды. Бирок, ошол эле учурда камсыздандыруу компаниялары жарандардын чыгымдарын толуктап беришти. Ал жакта турак жай, мүлк, ден соолук – дээрлик баары камсыздандырылат. Натыйжада жаран кырсык болгондо жалгыз калбайт. Бул нерсе камсыздандыруу маданияты жогорку деңгээлде калыптанганда коом кандай туруктуу боло аларын көрсөттү.

— Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн камсыздандыруу жеткиликтүүбү? Же бул кызмат орто жана жогорку кирешелүү катмарга гана ылайыкталганбы?

— Камсыздандыруу механизмдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. Төлөмдөрдүн көлөмү жарандардын мүмкүнчүлүгүнө жараша аныкталган.

Мисалы, айыл жеринде турак жайды бир жылга 600 сомго камсыздандырууга болот. Шаарларда бул сумма 1200 сомду түзөт. Бул – орточо эсеп менен айына 50–100 сом дегенди билдирет. Ал эми сел, шамал, жер көчкү же өрт сыяктуу кырсыктарда мамлекет 500 миң сомдон 1 миллион сомго чейин компенсация төлөп берет. Бул социалдык жактан олуттуу мамлекеттик кепилдик болуп саналат.

— Полис алуу процесси чындап эле жөнөкөйбү? Жарандар бюрократиялык тоскоолдуктарга туш болбойбу?

— Процедура максималдуу жөнөкөйлөштүрүлгөн. Жарандык паспорт жана тиешелүү мүлктүн техникалык паспорту жетиштүү. Кошумча татаал талаптар жок. Тагыраагы, жарандар 10–15 мүнөт ичинде керектүү маалыматты алып, полисин расмийлештирип кете алат. Мамлекеттик мекеме катары ачык-айкын иштөөнү негизги принцип катары карманабыз. Маалымат ЖМКлар үчүн да, жарандар үчүн да жеткиликтүү.

— Табигый кырсыктар көбөйүп жаткан шартта мамлекеттик камсыздандыруу системасы каржылык жактан канчалык туруктуу?

— Системанын туруктуулугун статистика далилдеп турат. 2016–2025-жылдар аралыгында турак жайды милдеттүү камсыздандыруу боюнча жалпы 1 236 төлөм жүргүзүлүп, 145 605 879 сом компенсация төлөнгөн.
ОСАГО боюнча 953 төлөм жүргүзүлүп, 90 877 894,98 сом компенсация берилген. Бул – кургак сандар эмес, конкреттүү жарандардын алган реалдуу жардамы. Система иштеп жатканын далилдеген фактылар.

— Тобокелдиги жогору аймактарда камсыздандырууну милдеттүү кылуу зарылдыгы бар деген пикирлер бар. Бул боюнча сиздердин позиция кандай?

— Тобокелдикти баалоо адистешкен мамлекеттик органдардын компетенциясына кирет. Мисалы, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тиешелүү эксперттик корутундуларды берет. Эгер аймак өзгөчө кооптуу деп табылса, мындай жерлерде камсыздандыруу жүргүзүлбөйт. Анткени, биринчи кезекте жарандардын коопсуздугу маанилүү. Адам өмүрү – эң жогорку баалуулук.

— ОСАГО мыйзамы күчүнө киргенде коомдо талкуулар жаралган. Бул реформа өз натыйжасын бердиби?

— 2024-жылдын 1-июлунан тартып ОСАГО мыйзамы күчүнө кирди. Бул чоң уюштуруучулук жана түшүндүрүү иштерин талап кылды. Мамлекеттик жана муниципалдык органдар менен биргелешип жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында мыйзам коомчулук тарабынан кабыл алынды. Бүгүн жарандар бул механизм жол кырсыгына кабылган учурда эки тарапты тең коргой турган инструмент экенин түшүнө баштады.

— Санариптештирүү канчалык деңгээлде жүрүүдө? Аймактар үчүн жеткиликтүүбү?

— Санариптик кызматтар жогорку деңгээлде өнүгүүдө. Жарандар расмий gso.kg сайты аркылуу онлайн тартипте унаасын камсыздандырып, полис ала алышат. Бул убакытты үнөмдөйт жана тейлөөнү жеңилдетет. Ошол эле учурда офлайн тейлөө да сакталган. Санарип жана салттуу формат параллелдүү иштеп жатат.

— Келечекте турак жайды камсыздандыруу социалдык коргоо системасынын толук кандуу бөлүгүнө айланышы мүмкүнбү?

— Камтуу көрсөткүчү жыл сайын өсүүдө. Бул чек эмес. Биздин стратегиялык максат – камсыздандырууну жалпы мамлекеттик социалдык коргоо системасынын ажырагыс бөлүгүнө айландыруу. Жыйынтыктап айтканда, мамлекеттик камсыздандыруу – формалдуу талап эмес. Бул жарандардын коопсуз келечегине жасалган жоопкерчиликтүү кадам. Реалдуу цифралар, жүргүзүлгөн төлөмдөр жана системалуу реформалар мунун далили болуп саналат.

Чынайым Кутманалиева

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X