Илим жана технология: Гульзат Исаматова Швейцариянын инновациялык борборлорунун тажрыйбасы менен таанышты

8-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 112
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова Швейцария Конфедерациясында жумушчу иш сапары менен жүрөт. Сапардын алкагында министр өлкөнүн алдыңкы илимий-билим берүү мекемелеринин жана жогорку технологиялык компанияларынын жетекчилери менен жолугушууларды өткөрүп, илимий-технологиялык борборлордун ишмердүүлүгү менен таанышууда. Ошондой эле илим, инновациялар, технологияларды трансферлөө жана инженердик кадрларды даярдоо жаатындагы алдыңкы тажрыйбаларды үйрөнүүдө.
Сапардын негизги иш-чараларынын бири дүйнөдөгү алдыңкы техникалык университеттердин бири болгон Лозаннадагы Федералдык политехникалык мектепке (EPFL) баруу болду. Университет QS World University Rankings 2026 эл аралык рейтингинде 22-орунду ээлейт. Анын алкагында Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова EPFLдин президенти, профессор Анна Фонткуберта-и-Морраль (Prof. Anna Fontcuberta i Morral) менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги, EPFL жана Кыргызстандын алдыңкы техникалык жогорку окуу жайларынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Өзгөчө көңүл биргелешкен илимий-изилдөө долбоорлорун ишке ашырууга, студенттер менен окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн өнүктүрүүгө, докторанттарды даярдоого, биргелешкен илимий лабораторияларды түзүүгө, ошондой эле жасалма интеллект, инженерия жана алдыңкы технологиялар жаатындагы кызматташтыкка бурулду.
EPFLдин президенти кыргыз делегациясына илимий изилдөөлөрдү уюштуруунун заманбап ыкмаларын, инновациялык экосистеманы өнүктүрүү, технологияларды трансферлөө жана жогорку квалификациялуу инженердик кадрларды даярдоо боюнча тажрыйбасын тааныштырды.
Министр Гульзат Исаматова ошондой эле университеттин жетекчилигине Кыргызстандын таланттуу жаштарын дүйнөнүн алдыңкы университеттеринде окутууга багытталган «Эл Үмүтү» мамлекеттик стипендиялык программасы тууралуу маалымат берип, артыкчылыктуу багыттар боюнча кыргызстандык студенттерди EPFLде даярдоо боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирди.
Жумушчу сапардын дагы бир маанилүү бөлүгү коопсуз чечимдер, идентификациялоо технологиялары жана санариптик ишеним жаатындагы дүйнөлүк лидер саналган Швейцариянын SICPA технологиялык компаниясына баруу болду. Министр Суверендүү технологиялар борборунун (Sovereign Technology Center) жана Швейцариянын алдыңкы университеттерин, илимий-изилдөө уюмдарын, стартаптарды жана жогорку технологиялык компанияларын бириктирген Unlimitrust Campus инновациялык экосистемасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө SICPA компаниясынын өкүлдөрү менен кыргыз делегациясы илимий изилдөөлөр, инновациялар, санариптик технологиялар жаатындагы кызматташтыктын келечегин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын илимий-билим берүү мекемелери менен Швейцариянын уюмдарынын ортосундагы өнөктөштүктү өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Жумушчу сапар эл аралык кызматташтыкты чыңдоого, Швейцариянын алдыңкы университеттери, илимий-технологиялык борборлору жана инновациялык компаниялары менен өнөктөштүк байланыштарды кеңейтүүгө багытталган.
Белгилей кетсек, жумушчу сапардын алкагындагы жолугушуулар Швейцария Конфедерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин колдоосу менен уюштурулду.
Жолугушуулардын жыйынтыгында тараптар академиялык, илимий жана инновациялык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин ырастап, конкреттүү биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгууну улантуу боюнча макулдашышты.
8-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 112
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X