Илимде из калтырган кыргыз кызы

29-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 60

Дүйнөдө вакциналарды сактоо жана ташуудагы көйгөйдү чечүүгө салым кошкон кыргыз кызы Асель Сартбаевага «Кыргыз Республикасынын жаратманы» наамы ыйгарылды.

Асель Сартбаева- кыргызстандык химик окумуштуу. Ал Улуу Британияда илимий изилдөөлөрүн жүргүзүп, вакциналар сыяктуу биологиялык препараттарды температуранын өзгөрүшүнөн коргоонун жаңы жолдорун изилдейт.

Сартбаева Кембридж университетинде PhD даражасын алган. Учурда Бата университетинде иштеп, вакциналарды сактоо жана ташуу технологияларын өнүктүрүүгө багытталган EnsiliTech биотехнологиялык компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы директору болуп эмгектенет. 2026-жылдын 14-сентябрында анын илимге жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы Кыргызстанда да өзгөчө бааланып, Президенттин Жарлыгына ылайык окумуштууга «Кыргыз Республикасынын жаратманы» ардак наамы ыйгарылды.

Баары мектептен башталган
Асель Сартбаеванын илимге болгон кызыгуусу бала кезинен башталган. Ал чет тилдерди үйрөнүүгө кызыгып, мектепте физика сабагын жакшы көргөн. Так илимдерге болгон кызыгуу кийин анын кесиптик жолун аныктаган. Ал билим алуу жана илимий изилдөө максатында Улуу Британияга барып, илимдеги жолун ошол жакта уланткан. Сартбаева илимий карьерасын баштоодо бир нече кыйынчылыктарга туш болгон. Ал аспирантурага тапшырып, бир нече жолу баш тартуу алганын да айтып берген. Бирок, бул анын изденүүсүн токтоткон эмес. Кийин Кембридж университетинде илимий изилдөө жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алган.

Илимий ачылышы
Вакциналардын көбү белгилүү температурада сакталышы керек. Өндүрүлгөндөн кийин алар медициналык мекемелерге жеткенге чейин атайын шартта кармалат. Бул система «муздак чынжыр» деп аталат. Вакцинаны керектүү температурада кармоо үчүн атайын муздаткычтар, электр энергиясы жана ылайыктуу транспорт керек. Ири шаарларда мындай система салыштырмалуу жакшы иштегени менен дүйнөнүн айрым аймактарында бул чоң көйгөй жаратып келет. Айрыкча электр энергиясы туруктуу эмес же аба ырайы өтө ысык жерлерде вакциналарды сактоо жана ташуу кыйындайт. Мына ушул көйгөйдү чечүүгө багытталган изилдөөлөрдүн үстүндө Асель Сартбаева жана анын кесиптештери иштеген.

Окумуштуулар вакциналардын курамындагы белокторду кремний негизиндеги өтө жука катмар менен коргоо ыкмасын изилдешкен. Бул технология «энсиликация» деп аталган. Анын максаты — биологиялык материалдарды температуранын өзгөрүшүнө туруктуураак кылуу болгон. Жөнөкөй тил менен айтканда, бул технология вакциналарды дайыма муздатылган шартта сактоого болгон көз карандылыкты азайтууга багытталган. Мындай ыкма электр энергиясы жетишсиз же медициналык препараттарды алыскы аймактарга жеткирүү татаал болгон жерлер үчүн өзгөчө маанилүү болушу мүмкүн.

Эл аралык сыйлыктар  
Асель Сартбаеванын эмгеги илимий чөйрөдө бир нече жолу жогору бааланып, анын командасынын энсиликация технологиясы IChemE Biotechnology Award сыйлыгына татыган. Мындан тышкары, долбоор Улуу Британиядагы Royal Society Emerging Technologies Competition сынагында да ийгиликке жеткен. 2021-жылы Сартбаева Everywoman in Technology Awards сыйлыгында «Жылдын айымы» наамын алган. Дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө алган сыйлыктарынан кийин Асель Сартбаеванын эмгеги эми өз мекенинде да баалангандан кийин, окумуштуу журналисттерге берген маегинде бул жаңылык өзү үчүн күтүүсүз болгонун айтып, мекенинде эмгегинин бааланганына кубанганын билдирди.

— Өз өлкөмдө эмгегим бааланып, сыйлык берилерин укканда абдан кубандым. Мен үчүн бул чоң белек болду. Окумуштуу үчүн бул укмуштуудай нерсе. Мен Кыргызстанга башка конференцияда сөз сүйлөө үчүн келгем. Сыйлык тууралуу кабарды уккандан кийин, аны алып кетүүнү чечтим. Дүйнөдө илим чоң роль ойной турган өтө көп олуттуу глобалдык көйгөй бар. Окумуштуу жана новатор катары биз канчалык көп нерсени жасай аларыбызды жана келечектеги илимий ачылыштар тарыхтын жүрүшүн кантип өзгөртө аларын түшүнүү мен үчүн өзгөчө маанилүү.

Кыздарды илимге тартуу
Асель Сартбаеванын ишмердиги лабораториядагы изилдөөлөр менен гана чектелбейт. Ал жаштарды илимге тартууга, өзгөчө кыздардын илимий кесиптерге болгон кызыгуусун арттырууга аракет кылып келет. Сартбаева ЮНИСЕФтин «Илимдеги кыздар» программасынын элчиси катары жаштар менен жолугуп, илим жана билимдин мааниси тууралуу айтып келет. Анын мындай аракети бүгүн мектепте физика же химия сабагына кызыгып отурган кыздардын арасынан эртең дүйнөлүк илимге салым кошкон окумуштуулар чыгышына түрткү болушу мүмкүн. Асель Сартбаеванын илимдеги жолу дүйнөлүк илимде өз ордуңду табуу үчүн сөзсүз эле чоң өлкөдө төрөлүү шарт эмес экендигин далилдейт. Андыктан, кыргыз эли өз кызы менен сыймыктанарын жана мамлекеттик деңгээлде сый-урмат көрсөтөрүн далилдеп, жогоку даражадагы сыйлыгын ыйгарганы жакшы иш болду.

Жазгүл Кенжетаева

29-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 60
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X