Илияз Ташкулов, Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким: Айтууга татыктуу ийгиликтер жаралууда
– Илияз Акжигитович, Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элкинбек Токтогонович Аширбаевдин жетекчилиги менен биргеликте эл менен жолугушууларды өткөрдүңүздөр. Жыйынтыгы кандай болууда, эл кызыкчылыгы аткарылуудабы?
– Бардык айыл аймактарында эл менен болгон жолугушуулар курч кырдаалда өтүп жатты. Президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаровдун тапшырмасы бекер жеринен чыкпаган экен. Нечен жылдан бери чечилбей келе жаткан көйгөйлөр, муктаждыктар эл тарабынан айтылды. Көз жаштар көкөйгө көк таштай тийип: “Неге эртерээк эл менен жолугушпадык?” деген суроолорго туш болуп, жооп берүү жеңил болбоду. Ар бир жолугушууга облустук түзүмдүк мекемелердин өкүлдөрү, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты. Айрыкча жер маселеси, таза суу менен камсыздоонун өтө начардыгы, газдаштыруунун кечеңдеши, сугат сууга болгон таңсыктыктар байма-бай айтылып, көпчүлүктүн өчкөн үмүттөрү кайрадан жана баштады. Кандай гана маселе болбосун тийиштүү жетекчилер жеринде жооп беришип, чечүүгө белсенип жатышты. Ички жолдорду асфальттоо, тротуарларды куруу, бала бакчалар баш болгон социалдык-экономикалык көйгөйлөр көтөрүлүп, тийиштүү көрсөтмөлөр берилип, тездик менен колдоого алынып, элдин тилектери четке кагылбай, дароо чечилип да жатты. Ырас эле Президентибиз Садыр Нургожоевич айткандай ар бир маселе жеринде чечилбей, сүрсүп кеткени кечиримсиз көнүнүш болуп калган. Демек, жергиликтүү бийлик ээлеринин жетиштүү деңгээлде эл менен жуурулушуп иштешпегени беш манжадай белгилүү болуп калды. Мындан ары эл мүшкүлү оболу жеринде чечилип, карапайым элдин мүдөөсү аткарыла баштайт. Баштагыдай барбаган мекемелери калбай, жетекчилердин эшигин сагалоо кыскарат. Анткени, жолугушуулардын жыйынтыктары боюнча тиешелүү мамлекеттик жетекчилерге конкреттүү тапшырмалар берилди. Айрым суроолорго жеринде жооптор кайтарылды. Кошумча изилдөөнү талап кылган маселелер көзөмөлгө алынып, мыйзам чегинде чечүү жолдору каралары белгиленди.
Учурда жарандар тарабынан көтөрүлгөн маселелерди кароо жана алардын аткарылышын камсыздоо максатында атайын түзүлгөн комиссия иш алып барууда. Аныгын айтканда жолугушууларда айтылган ар бир маселелер четте калбайт. Кийинки эл менен болгон жолугушууларда жүзүбүз жарык болушу керек. Эл ишеними бекемделет.
– Жарк эткен жаңылыктарыңыздар тууралуу кабарыбыз бар. Ушул багытта сөздү уласак…
– Жаркыраган жаз алды менен Сары-Өзөн айыл аймагында жайгашкан «Сокулук ГЭС-3»
жана «Туюк ГЭС» чакан гидроэлектр станцияларын ачтык. Ачуу аземине Президентибиз Садыр Жапаров катышты. Калкыбыздын жарыкка болгон муктаждыгы жумшарды.
Долбоор Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялар агенттигинин колдоосу менен “Сокулук ГЭС-3” ЖЧКсы тарабынан ишке ашырылды. Инвестициялык келишимдин алкагында эки чакан ГЭСтен турган каскад курулуп, Сокулук дарыясындагы ГЭСтин кубаттуулугу 9,7 МВт, ал эми Туюк суусундагы ГЭСтин кубаттуулугу 5,9 МВт болуп, жалпы кубаттуулугу 15,6 МВтты түзөт.
Өндүрүлгөн электр энергиясы толугу менен Кыргыз Республикасынын улуттук энергетикалык системасына берилет. Бул долбоор Сокулук районунда электр энергиясы менен камсыздоонун ишмердүүлүгүн жогорулатууга олуттуу салымын кошот. Долбоордун алкагында башкы курулмалар, гидроэлектр станцияларынын имараттары, көмөкчү көмөк чордондор (подстанциялар) жана электр берүү линиялары курулду. Бардык объекттер ата мекендик инвесторлордун каражаттарынын эсебинен ишке ашырылды. Жалпы инвестициянын көлөмү болжол менен 1,7 миллиард сомду түздү.
Мамлекет башчыбыз өз сөзүндө бул долбоор Сокулук районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу түрткү болорун белгилеп кетти. Айткандай эле долбоор жергиликтүү бюджеттин кирешесин көбөйтөт. Өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдайт.
– Курулуп жаткан социалдык объекттер боюнча да айтып берсеңиз? Эл менен болгон жолугушууларда бала бакчалардын, медициналык мекемелердин жетишсиздиги, эскилиги баса белгиленди. Жылыш болчудайбы?
– Эл айтса, бекеринен айтпайт. Чынында бала бакчаларга муктажбыз. Учурда Кыргыз Республикасынын турукташтыруу фондусунун колдоосу менен Төмөнкү-Чүй айылында 150 орундуу бала бакчанын курулушу башталды. Буйруса, бүтөрү менен жыйырма чакты жумуш оруну болот. Ошондой эле Романовка айылында 100 орундуу бала бакча салынууда. Куруу иштери кызуу уланууда.
Райондо 300 орундуу көп профилдүү оорукананын курулушу да башталды. Долбоордун алкагында эски имараттарды демонтаждоо иштери илгерилөөдө. Жаңы оорукана заманбап көп профилдүү медициналык мекеме болот. Эл аралык талаптарга жооп берген медициналык жабдуулар, жогорку технологиялуу диагностикалык каражаттар жана заманбап эмеректер менен толук камсыздалат. Мындай медициналык камкордук дени сак улуттун уюткусуна айланат. Дарт кыскарат, узак жашоо кадамдайт. Шарт жарашкан жерде ийгиликтер жанданат.
– Инвестиция тартуу экономикалык өнүгүүгө жол ачат. Сиздерде көрсөткүчтөр кандай?
Отчёттук мезгилде райондо жалпы наркы 68 млрд сомдон ашкан 181 инвестициялык долбоор ишке ашырылып, алардын алкагында 18,6 млрд сом иштетилди.
Инвестициялар негизинен өнөр жай, кайра иштетүү, логистика, турак жай курулушу, энергетика, айыл чарбасы жана социалдык инфраструктура тармактарына багытталууда.
Райондук өнүктүрүү фондунун алкагында жалпы суммасы 12,9 млн сомдук социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор жактырылып, алардын негизгилери каржыланууда.
Өндүрүш өрдөгөн жерде жаңы жумуш орундары пайда болот. Район боюнча беш миңге чукул жаңы жумуш орундары ээсин тапты.
– Илияз Акжигитович, алдыда кандай максаттарыңыздар бар?
– Быйыл кыргыз элинде эбегейсиз майрамдар болот. Айталы, эгемендүү өлкөбүздүн 35 жылдыгы, облусубуздун 100 жылдыгы жана башка мамлекеттик деңгээлде өтүлүүчү майрамдар даңазаланууга тийиш. Бүткүл дүйнөлүк алтынчы көчмөндөр оюндары майрамын татыктуу тосууга тийишпиз. Негизинен даярдыктарыбыз жакшы. Максаттарыбыздын туу башы албетте, элдин ынтымагы. Ынтымак менен Мекен керегине жарай берели. Келе жаткан майрамдарыңыздар менен!
Айчүрөк Макешова