"Эркин-Тоо"

Имаратка шылтабай, изги тилектерге умтулган сахна жылдыздары

Б.Кыдыкеева атындагы жаштар театры эски имаратта жайгашкан. Имарат союз учурунда абдан кооз курулган, бирок канча жылдан бери каралбай, эскилиги жетип, театр деген атына эч коошпойт. Анын ичи-сырты оңдоп-түзөтүүнү абдан талап кылат. Имарат Кыргыз Республикасынын Улуттук маданий борборуна карайт, андыктан театр кызматкерлери анда “квартирант” сыяктуу. Кабинеттерин, сахнасын колдонот. Театрдын алдында чоң автобус токтоп турат. Аны артисттер гастролго чыгуу үчүн, мамлекет берген. Бирок автобустун чыгымы көп болгондуктан, жүрбөй турат дешти. Жаштар театрынын жаш директору Таалайбек Тургуновго кезигип, театр жөнүндө азыноолак сөз кылдык.

“Кыргыз улуттук драма театры толук ремонттон өттү, учурда Ч.Айтматов атындагы орус драма театры оңдолууда. Эмки кезек бизде. КР Улуттук маданий борборунун директору Жумакадыр Курмангалиев оңдоп-түзөтүүгө кеткен чыгымдын сметасын түзүп бергенин айтты, акча бөлүнсө эле ремонт башталат. Биз ага күтпөй эле өзүбүздүн чыгармачылык кызматташтыгыбызды казак боордоштор менен баштай берели деп сүйлөштүк. Алар бизге каржылык жардам берсе, талапка жооп бербеген сахнабыздын жасалгасын, жарыктандырууну, музыкалык үн коштоону, студияны жасоону баштаганы турабыз. Ошондон кийин алар июнь айында келип, спектаклдерин коюп башташат” дейт Таалайбек мырза.

Театрда жалпысынан 83 адам иштейт экен. Бирок, 6 миң сом айлыкка кантип жашоого мүмкүн? Андыктан, маданият кызматкерлери киного тартылышат, концерттерге катышат, тойлорду алып барышат. Репертуар түзүлгөндө артисттер бир спектаклде ойносо, экинчисинде ойнобой, кезектешет. Чоң долбоорлор келгенде биринчи, экинчи курам болуп ойношот. Чыгармачыл чөйрөгө түшүнүү менен мамиле кылбаса, аз айлыкка чыдабай кетип калуулары мүмкүн. Ансыз деле жакында эки-үчөө мигрант болуп чыгып кетишкен. Жаман жери – сахнанын көркү болгон сулуу кыздардын, келишимдүү жигиттердин көбүнүн үйү жок батирде турушат. Айрымдары аз айлык менен ижарага батир ала алышпайт. Аларга директор түшүнүү менен театрдын бир бурчунан жашай турган жай бөлүп берген. Жаш артисттердин үмүтү – министрликтин демилгеси менен мамлекет тарабынан курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөр болууда. Ал курулуп бүтсө үйү жок маданият кызматкерлери үйлүү болот деген чоң ишеним бар.

“Менин бир принцибим, мамлекет эчтеке кылган жок деп шылтоолоп отура бербей, өзүбүз чуркап иштеп, өзүбүз жоктон бар кылышыбыз керек. Азыр биздин репертуарлар күндүз да, кечинде да болуп жатат. Гастролдорго чыгып жатабыз. Артисттерибиз менен Караколго, Кочкорго барып келдик. Жакында биздин театр Токтогул, Кара-Көл шаарына сапар алабыз. Транспорт министрлигине  жол жүрүү жана артисттердин жатакана маселесин чечип бериңиздер деп кат жазгам, кечээ ал чечилди. Бизге колдоо болуп турса эле, иштей беребиз. Акчабыз жок деп жата бергенде болбойт, аракет кылып, алдыга жыла беришибиз керек” дейт Таалайбек Тургунов”.

№28 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 25-марты 
Сымбат Максутова