«Империя пиццы» кафелеринин тамагына уулангандардын саны 300 адамга жетти

28-октябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 29

Бүгүн, 28-октябрга карата алынган маалыматка ылайык, “Империя пиццы” кафелеринин тамагына ууланганын айтып, ооруканага кайрылгандардын саны 300 адамга жетти. Бул тууралуу Бишкек шаардык санитардык жана эпидемиологиялык көзөмөл борборунан билдиришти. Тамакка ууланып кайрылгандар Бишкек шаарынан сырткары Чүй облусунун аймагынан да катталганын маалымдашты.

Кайрылган 300 адамдын ичинен 40 жаш балдар. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы алардын абалы туруктуу деп бааланып жатканын кабарлады.

Уулангандар 23-октябрда «Империя пиццы» кафесинен тамактангандар экени белгилүү болгон. Учурда «Империя пиццы» кафелеринин бардык тармактарында иликтөө жүрүп, кафелер убактылуу жабылды. Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы 29-октябрда даяр болору айтылды.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X