«Империя пиццы» жана BBH ызы-чуу үчүн жоопко тартылды

26-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 93

Бишкекте тургундардын тынчтыкты бузуу боюнча арыздарынан кийин «Империя пиццы» жана BBH жайларына карата протоколдор түзүлдү.

Муниципалдык инспекциянын маалыматына караганда, арыздар Табалдиев көчөсүндөгү №45 үйдүн жашоочуларынан түшкөн.

Инспекция кызматкерлери милициянын кайгуул кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте жеринде текшерүү жүргүзүп, аныкталган мыйзам бузуулар боюнча протоколдорду толтурушту.

Муниципалдык инспекция мекемелердин ээлери да тынчтыкты сактоо талаптарын аткарууга милдеттүү экенин эскертти.

26-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 93
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X