Импорттолгон курулуш материалдарынын сапаты лабораторияда текшерилетүүдө
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк аймактык башкармалыгы Өзбекстандан импорттолгон портландцементти сертификаттоодон өткөрдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө продукциядан лабораториялык сыноо жүргүзүү үчүн үлгүлөр алынды. Сыноодо цементтин сапаты белгиленген талаптарга шайкештиги аныкталат.
Талаптарга жооп берген продукцияга шайкештик сертификаты берилет. Ал эми белгиленген нормаларга жооп бербеген курулуш материалы сертификатталбайт.
Мындай текшерүүлөр рынокко чыгарылган жана курулушта колдонулган материалдардын сапатын көзөмөлдөөгө багытталган.