Индия Кыргызстанга онкологиялык бейтаптарды дарылоого керектүү жаңы жабдууну тапшырды

27-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 133

Кыргызстандагы онкологиялык бейтаптарды дарылоонун сапатын жакшыртууга багытталган дагы бир маанилүү кадам жасалды. Бүгүн, 27-июлда Улуттук онкология жана гематология борборунда «Бабатрон» нур терапиясы аппараты үчүн жаңы Кобальт-60 радиоактивдүү булагын тапшыруу аземи өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов жана Индия Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бирендер Сингх Ядав катышты.Возможно, это изображение один или несколько человек

Жаңы Кобальт-60 булагынын ишке киргизилиши «Бабатрон» аппаратынын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздап, рак илдетине кабылган бейтаптар үчүн маанилүү болгон нур менен дарылоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн сактоого мүмкүнчүлүк берет.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, бул долбоор Кыргызстан менен Индиянын медицина тармагындагы кызматташтыгынын практикалык жыйынтыктарынын бири. Эки өлкө онкологиялык жардамды өнүктүрүү, медициналык адистерди даярдоо, жаңы технологияларды киргизүү жана саламаттык сактоо мекемелеринин материалдык-техникалык базасын жаңылоо багытында кызматташып келет.

Министрлик мындан ары да эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте заманбап дарылоо ыкмаларын жайылтуу жана жарандарга көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу боюнча иштер улантыларын белгиледи.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X