Индия дагы бир жолу COVID-19дон күнүнө өлүмдүн көбөйүшү боюнча анти-рекордду жаңылады. Бул тууралуу РИА Новости билдирет.
Саламаттык сактоо министрликтин маалыматы боюнча, Индияда акыркы суткада 4 миң 205 адам көз жумган. Ошол эле учурда, өлкөдө жалпы оорулардын саны 23,3 миллиондон ашты. Коронавирустук инфекциянын жаңы учурларынын саны дагы мурунку жыйынтыктарга салыштырмалуу көбөйүп, республикада күнүнө 348,4 миң жугуштуу оору аныкталууда.
Индияда коронавируска чалдыккандардын саны февраль айынын ортосунан бери өсүүдө. Учурда 3,7 миллиондон ашуун индиялыктар коронавирус инфекциясынан дарыланып жатышат.
Буга чейин Индия бийлиги маркумдардын сөөгүн индустар үчүн ыйык Ганг дарыясына таштоону тезинен токтотууну талап кылгандыгы маалымдалган. Мындай реакция Индиянын Бихар штатынын жашоочулары дарыядан 100гө жакын адамдын сөөктөрү табылгандыгы жөнүндө билдиришкенден кийин пайда болду. Болжолдуу түрдө, бул коронавирустан каза болгондордун денелери болушу мүмкүн, анткени өлкөдө инфекциядан каза болгондордун саны рекорддук санда турат.