Индияда бир жума ичинде 2 миллиондон ашык адамга коронавирус жукту
21-апрелден тарта бул өлкөдө күн сайын 300 миңден ашык жаңы учурлар катталууда. Бул азыр дүйнөлүк антирекорд болуп эсептелет. Мисалы, 25-апрелде вирус 352 991 адамдан аныкталды деп айтылат өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин сайтында. Бүгүнкүгө карата Индияда коронавирус менен ооругандардын жалпы саны 17,6 миллиондон ашты.