"Эркин-Тоо"

Индияда коронавирус болуп көрбөгөндөй күч алды

Расмий маалыматтарга ылайык, Индияда күн сайын 350 миңден ашык кишиден COVID илдети аныкталып, Дели шаарында ар бир төртүнчү мүнөт сайын бирден киши өлүп жатат. Коронавирустун биринчи толкунунда да, бул өлкө мындай чоң жоготууларга учураган эмес,- дешет адистер.

Би-Би-Си маалымат кызматынын билдирүүсүндө, каза болгондордун сөөктөрүн өрттөөгө арналган атайын жайларда орун жана убакыт жетпей жаткандыктан, көз жумгандардын сөөктөрүн кадимкидей көчөлөрдө өрттөп жатышат.
Көпчүлүк ооруканаларда орун жана кычкылтек аппараттары жетпей, бейтаптарды кабыл алууну токтотушту.
Коронавирус боюнча дүйнө жүзүндө статистика жүргүзгөн Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, Индияда COVID-19 жуктургандардын саны ушул тапта 17 миллионго жетип, дүйнөлүк тизмеде экинчи орунду ээледи.

Пример HTML-страницы